Кандуу көл миллиондогон адамдын өмүрүн алышы мүмкүн. Ал кайда?

Бул көлдөн ар кыл жылдары 1 783кө чукул адам жана 3 500дөй мал өлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Африкадагы кандуу көл миллиондогон адамдардын өмүрүн алып кетиши мүмкүн деп окумуштуулар кооптонуп жаткандыгын "National Geographic Россия" жазды.
Руанда менен Конго республикаларынын ортосунда жайгашкан Киву жарылып кетүүгө кооптуулугу бар газдуу суу деп айтылат. Киву — Чыгыш Африка тараптагы жарлары көп өрөөндө жайгашкан ири көлдөрдүн бири. Анын жанында Ньирагонго вулканы жатат. 1882-жылдан бери жанар тоо 34 ирет атылган жана алардын ар бири лаваны Киву көлүн көздөй агызат. Миң жыл ичинде вулкан активдүүлүгү суунун үстүндө эриген метан менен көмүр кычкыл газынын абдан көп топтолушуна алып келген.
Кооптуу метандын кору 55 миллиард куб метр көлөмгө жакын деп айтылууда. Өткөн жылдары да кооптуулук туурасында сөз болгон. Жер титирөөдөн кийин газ бөлүнүп чыккандыктан жана жанар тоонун активдүүлүгүнөн улам аталган аймактагы эки миллионго чукул адамдын өмүрү коркунучта турганы маалымдалган.
Африкадагы дагы эки кандуу көл Камерундун түндүк-батышында. 1984-жылдын 15-августунда Ману суусунун үстүндө уулуу газ 37 адамдын өмүрүн алса, 1986-жылы 21-августта ошондой эле себептен улам 1 746 адам жана 3 500 мал кырылып калган.
Газ алган KivuWa деп аталган компаниянын айлана-чөйрөнү коргоо башкармалыгынын буюртмасы менен жасалган жаңы изилдөөдө Кивуда кырсыктын болуп кетиши илимдин тили менен айтканда жогорку деңгээлде деп бааланган.
"Көлдөн бөлүнүп чыккан мындай катмардагы газдын топтолушунун алдын ала айтуу мүмкүн эмес, бирок окумуштуулар метандын кайсы бир бөлүгүн жок кылуунун ыкмасын табышты", — деп жазылган маалыматта.
Адистер көлдөгү уулуу затты азайтуу боюнча план иштеп чыгуу аракетин улантып жатканы, муну менен жалпы эле кырсыкты азайтуу кадамы жасалары айтылган.
Жерде жашоого мүмкүн болбой бара жатат. Окумуштуулар коңгуроо кагууда