БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. УКМК жасалма дипломдуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди аныктоо ишинин алкагында эки кишинин документин текшерип жатат. Бул тууралуу атайын кызмат билдирди.
Маалыматка караганда, Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖККББ) жетекчиси, милициянын полковниги С.Ы.К. жана Эсеп палатасынын аудиторлорунун бири С.З.А. боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.
Көрсөтүлгөн ысымдарга ЖКККББ жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов менен Эсеп палатасынын аудитору Сатаев Зарылбек Апасович туура келип жатат.
Алынган маалыматтарга ылайык, аталган жарандар кадр бөлүмдөрүнө Россия Федерациясынын жогорку окуу жайларынын биринин "юриспруденция" адистиги жана К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетин "бухгалтердик эсеп жана аудит" адистиги боюнча аяктагандыгы тууралуу дипломдорун беришкен.
Азыркы учурда бул фактылар боюнча текшерүүнүн материалдары Кыргызстандын мыйзамдарынын чегинде тиешелүү чечим кабыл алуу үчүн УКМК тарабынан каралып жатат.