ККМ коюлса түшкөн акчадан 8 пайыз салык алынабы? Расмий жооп

Учурда кодексти президенттин жарлыгына ылайык келтирүү үчүн мыйзам долбоору даярдалууда.
Sputnik
БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Салык кызматынын төрагасынын орун басары Нурлан Умтулов контролдук-кассалык аппараттар (ККМ) коюлса түшкөн акчадан 8 пайызы салык катары кармалып калары туурасында айтылып жаткан кептерге жооп берди.
Белгилей кетсек, социалдык тармактарда жылдык соода жүгүртүүсү 8 миллион сомго чейинки ишкерлер салыктын бардык түрүнөн бошотулат деген маалыматтан шек санап жазышууда. Мурда пайдадан гана төлөсө, жаңы Салык кодекс ишке киргенден кийин түшкөн акчадан 8 пайызга чейин салык катары кармаларын айтып жатышат.
Умтулов сунушталган кодексте чын эле ушундай норма болгонун, бирок президенттин жарлыгы чыккандан кийин аны өзгөртүп жатышканын билдирди.
Салык кызматынын төрагасынын орун басары Нурлан Умтулов
"Сунушталган Салык кодексинде соода түйүндөрүндө ККМ койгондор биринчи жылы салыктын бардык түрүнөн бошотулуп, кийинки жылдары бир, эки пайызга жогоруламак. Ал эми мурда милдеттүү патент менен иштеп жаткан мончо, сауна, бильярддар түшкөн акчанын сегиз пайызын салыкка төкмөк. Жылдык жүгүртүүсү 8 миллион сомго чейинки ишкерлерди киреше салыгынан бошотуу боюнча президенттин жарлыгы кодекс даярдалып бүткөндөн кийин чыгып калды. Учурда биз өзүнчө мыйзам долбоору менен жарлыкка ылайык келтирели деп жатабыз. Ошондо кимдер бошотулуп-бошотулбасы, кандай талаптар коюлары такталат", — деди Умтулов.
Буга чейин салыкчылар ККМ колдонгон ишкер кандай салыктардан бошотулары туурасында кенен айтып беришкен.
ККМ коюлган жерден кардар акча таба алат. Салыкчылардан эки "лайфхак"