Centerra Gold Inc. Кумтөрдөн кол жууганын кантип түшүндүрдү

Centerra Gold 19-ноябрь күнү отчёт берип, анда Кыргызстан тарабынан жасалган айрым кадамдар компаниянын Кумтөр кенинен ажырап калышына алып келгенин айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы Кумтөр кенинен кол жууганын моюндап, мындан улам 926,4 миллион доллар чыгым тартканын маалымдады.
Тагыраак айтканда, Centerra Gold 19-ноябрь күнү отчёт берип, анда Кыргызстан тарабынан жасалган айрым кадамдар компаниянын Кумтөр кенинен ажырап калышына алып келгенин айткан.
Жыйынтыгында 2021-жылдын экинчи жарымында 926.4 миллион доллар жоготуу болду деп эсептеп, "Кумтөрдү" токтотулган ишмердүүлүк катары белгилеген.
Кумтөр кенинин азыркы абалы кандай. Сүрөттөр
Буга чейин өкмөттүн маалымат кызматы министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго шилтеме берип Centerra Gold Inc. Кумтөр кени мындан кийин аларга таандык эмес экенин моюнга алган чечим кабыл алганын билдирген. Жапаровдун айтымында, Centerra мындай чечимге Онтарио провинциясындагы Баалуу кагаздар боюнча комиссиянын талаптарынан улам келген.
Эске салсак, май айында өкмөт Кумтөр кенине убактылуу тышкы башкаруу киргизип, жетекчилигине Теңиз Бөлтүрүктү дайындаган. Ошондон бери кыргыз өкмөтү менен Centerra Gold Inc. соттошуп келе жатат.