БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Экономист Кубат Умурзаков Кыргызстан үчүн Евразиялык экономикалык биримдикке альтернатива жок деп эсептейт. Бул туурасында ал "Евразиялык муун" коомдук фонду уюштурган "Кыргызстан үчүн ЕАЭБ жана ЕБдин экономикалык өнөктөштүгү" деп аталган тегерек столдо билдиргенин фонддун маалымат кызматы кабарлады.
"Евразиялык экономикалык биримдиктин рыногуна жасалган айыл чарба азыктары менен тигилген продукциялардын экспортунан кыргыз экономикасы көз каранды экендигин эске алуу керек. Андан сырткары, негизинен Казакстан менен Россияда иштеп жаткан эмгек мигранттарынын которгон акчасына да байланыштуу", — деген экономист.
Ал ЕАЭБ таасири кеңейет деген оюн айткан.
"ЕБ балким ЕАЭБ үчүн пайдалуу боло турган көп тажрыйба топтогондур, бирок Евробиримдикте бардык процесстер жипке тизген шурудай болуп кетпейт. Бирикмеде көп көйгөйлөр бар, ал жалпы экономикалык айдыңда таасир этүүнү бөлүштүрүү жүрүп жаткан дүйнөдөгү азыркы абалга байланыштуу. Бул шартта Евразиялык экономикалык биримдиктин алдында жакшы келечек ачылат", — деген ал.
Умурзаковдун айтымына караганда, азыр бир катар өлкөлөр экономикалык артыкчылыкты пайдалануу үчүн бирикмеге кирүүгө кызыкдар болуп жатат.