Эки дос балам бар. Каржылык темага терең кызыгышат. Бирок экөө эки башкача...
Бирин Бектур деп коёлу. Капилет кыйын убак түшсө, керекке жарайт деп тыйын жыйнайт. Сөзүнө карасаң өзү үчүн эле эмес, өлкөнү бүт бакчудай. Түшүнгөнүмө караганда, нөлдөрү чууруган санда, болгондо чет элдик валютада банкка аманатка салган.
Берки досум Анвар, тескерисинче, ар кандай инструменттерге болгон акчасын салып, кирешесин көбөйтүү далалатында. Айдын аягында аны кезиктирүү зааркантат, анткени андайда ал сенден аз да болсо акча алууга тырышат. Алардан кеп козгогонум, Бектур да, Анвар да аша чаап, катачылык кетирүүдө. Экөө тең тыйын сактоо менен инвестицияны айырмалай албай жүрөт.
Акча сактоо
Же коопсуздуктун каржылык жаздыкчасы кокус кыйчалыш күн тооруса, күтүүсүз чыгымдарды (дарылануу/шашылыш ремонт) же киреше булагы жоголуп/азайышына туруштук берүүгө шарт түзөт. Башкача айтканда, эртеңки күнгө ишеним менен кароого мүмкүндүк берген акча. Анын көлөмү боюнча эксперттер ар кандай пикирде. Айрымдар эки жылдык чыгымды жаба ала тургандай сумманы атаса, көпчүлүк кеминде үч айга жетерлик көлөмдө болушу абзел дешет.
Мында эмнелерди эске алуу зарыл:
Инвестиция — кандайдыр киреше алууну көздөө менен ар кыл каржылык инструменттерге каражат салуу. Баалуу кагаздар, алтын, кыймылсыз мүлк, искусство предмети же бир топ пайда алып келчү көптөгөн нерселерди сатып алуу болушу мүмкүн.
Инвестиция акча сактоодон эмнеси менен айырмаланат:
Анвар менен Бектурдун катачылыгы эмнеде? Бектур тийиштүү көлөмдөн эбак ашса деле сактаган акчасын көбөйтүүгө далбас урат. Абдан консервативдүү киши болгондуктан өз активдеринин көлөмүн арттырууда тобокелдикке баргысы жок. Ооба, ал банкта аманаттагы чоң суммадагы каражатынан пассивдүү киреше албай койбойт деңизчи. Анткен менен өлкөдө доллар түрүндөгү депозиттин жылдык пайыздык чени 2-3 пайызды гана түзөрү белгилүү.
Алда канча азыраак суммадан алган Анвардын пассивдүү пайдасын Бектурдукуна салыштырып болбойт. Себеби ал кыйла кирешелүү инструменттерге (мисалы, көп учурда 10 пайыздан ашкан баалуу кагаздар дейли) салып коёт.
Бирок Анвардын бул багытта бөлөк көйгөйү бар. Күтүүсүз чыгымдарды ойлоп койбостон колундагы акыркы тыйынына дейре инвестиция кылууга жанталашат. Ошол себептен күтүүсүз чыгымдар чыгып калса, бирөөдөн карыздап турууга же тез арада өз наркынан да аз сатып, акчага айлантууга аргасыз.
Айтор, акча топтоодо да, инвестиция кылууда да аша чаппай, жети өлчөп, бир кескен оң. Болбосо, сом, рубль же доллар түрүндөгү жазасы бачым эле келет.
Каржылык сабаттуулук түрмөгүнөн кантип ай сайын акча чогултуу же эмне үчүн акча топтоо керектиги талданган макалалар менен да тааныша аласыздар.