Ысык-Көлдө тоо тарапка кетип жоголгон аял менен эркек киши изделип жатат

Туугандарынын айтымында, эки жаран тең 28-сентябрда кайтып келиши керек болчу. Бирок бүгүнкүгө чейин дайынсыз болууда.
Sputnik
БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Ысык-Көлдө 44 жаштагы эркек киши менен 45 жаштагы аял 18-сентябрдан бери дайынсыз болуп жатат. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.
Ысык-Көлдө 44 жаштагы эркек киши менен 45 жаштагы аял 18-сентябрдан бери дайынсыз болуп жатат
Маалыматка караганда, А.М. менен Р.М. Ак-Суу районунун Эңилчек айылынан чыгып, Баш-Көл деп аталган тоо тарапка кетишкен. Туугандарынын айтымында, экөө тең 28-сентябрда кайтып келиши керек болчу. Бирок бүгүнкүгө чейин дайынсыз болууда.
Буга чейин туугандары өз алдынча издешип натыйжа болгон эмес. Бүгүн, 4-октябрда, таңкы саат 06:00дө ӨКМдин 5 куткаруучусу тартылып, издөө иштери башталды.