Афганистандык аскерлердин тобу Өзбекстанга өттү

"Талибан"* кыймылынын согушкерлери Өзбекстан менен чектешкен Балх провинциясынын түндүк-батыш тарабын колго алганы айтылган.
Sputnik

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Афганистандын өкмөттүк күчтөрүнүн 84 аскери жардам сурап, Өзбекстандын чек арасына кирип келди. Бул тууралуу жекшембиде Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги билдиргенин РИА Новости жазды.

Афганистандык саясатчы Атто Мухаммади Нур "Талибан"* кыймылынын согушкерлери Өзбекстан менен чектешкен Балх провинциясынын түндүк-батыш тарабын колго алганын буга чейин билдирген. Анын айтымында, атайын жасалган кутум ушундай көрүнүшкө алып келген.

"14-августта Афганистандын өкмөттүк күчтөрүнүн 84 аскери чек араны кесип өтүп, Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын чек ара аскерлери тарабынан кармалган. Алар каршылык көрсөтүшкөн эмес, баш паанек, ошондой эле медициналык жардам сурап кайрылышкан. Арасында үч жарадар болгон", — деп айтылат ТИМдин билдирүүсүндө.

Ташкенттин маалыматына ылайык, аларга медициналык жардам көрсөтүлүп, тамак берилип, убактылуу жайгашуу үчүн жай уюштурулган.

Куралчан согушкерлер, лагердеги качкындар. Афганистандагы азыркы кырдаал
"Ушул эле маалда "Термез-Хайротон" көпүрөсүнүн афган өйүзүндө Афганистандын аскер күчтөрүнүн массалык топтолгону белгиленет. Жогоруда аты аталгандарга гуманитардык жардам берүү чечими кабыл алынууда", — деп кошумчалаган министрлик.

Азыркы тапта афганистандык жарандарды мекенине кайтаруу жана "Термез-Хайратон" көпүрөсү районундагы абалды жөнгө салуу боюнча Кабул менен сүйлөшүү жүргүзүлүп жатканы айтылат.

*"Талибан" — террордук уюм деп табылып, ага Россияда тыюу салынган