Эми дыйкандар биоорганикалык, органоминералдык препараттарды жеринен сатып алып, топурактын анализин жүргүзө алат. Бул тууралуу Аскарбек Жаныбеков Sputnik Кыргызстан радиосунда билдирди.
Анын айтымында, атаандаштыкка туруштук берүү үчүн айыл чарба азык-түлүктөрүн органикага өткөрүү зарыл.
"Өлкөнүн айыл чарбасында жасала турган артыкчылыктуу алты багыт кабыл алынды. Алардын ичине азык-түлүк коопсуздугу, органикалык айыл чарба, климатка ыңгайлаштыруу, класстердик өндүрүш, санариптештирүү кирди. Кыргызстанда 1 миллион 268 миң гектар айдоо аянт, 1 миллион 725 ири мүйүздүү мал, 6 миллион 250 миң майда жандык жана 515 миң жылкы бар. Ал эми коңшу өлкөлөрдүн айдоо аянты көп, биз алар менен атаандаша албайбыз. Ошондуктан органикага басым жасашыбыз керек. Анткени өлкөдө бул багытта мүмкүнчүлүк кеңири. Ал үчүн тийиштүү мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилди. Органикалык өндүрүштүн стандарттары кабыл алынды. Мындан тышкары, ар бир облуста препараттарды иштеп чыгуу боюнча лабораториялар курулуп, жабдыктар менен камсыздалууда. Бул фермерлерге биоорганикалык, органоминералдык препараттарды жеринен сатып алууга мүмкүндүк түзөт", — деди Жаныбеков.
Министр ар бир облуста дыйкандардын топурактын анализин чыгаруусуна жол ачылганын кошумчалады.
Толук вариантын төмөнкү видеодон көрүңүздөр: