Бишкек мэриясы сууга аккан кичинекей кызды куткарган тургунду сыйлады. Сүрөт

Мындан бир жума мурун каналдагы сууга аккан кызды ошол жактан өтүп бараткан киши сактап калган. Ага эрдиги үчүн мэриянын Ардак грамотасы берилди.
Sputnik
БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Бишкек мэринин милдетин аткарып жаткан Бактыбек Кудайбергенов кичинекей кызды шар аккан каналдан куткарып калган калаа тургуну Залкарбек Сулаймановду сыйлады. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы кабарлады.
Жайында балдарды кырсыктан кантип сактайбыз. ИИМдин кеңеши
Окуя 10-июнда Аламүдүн-1 кичирайонунда болгон. Анда шар аккан каналга түшүп кеткен кызды ошол жактан өтүп бараткан киши сактап калган.
Мэрия шаардыктарды балдарды көлмөлөрдө жана каналдарда кароосуз калтырбоону эскертти.