Радио

Темирканова: бүтүрүүчүлөрдүн 80%ы кесип тандай албай кыйналат

Proforientacia.kg социалдык долбоорунун жетекчиси Индира Темирканова мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн көбү кесип тандоодо кыйналып, депрессияга кабыларын айтты.
Sputnik
Мектеп программасына кесипти тандоо боюнча окуучуларга атайын багыттар каралып, психологиялык жактан да колдоо кылса жыйынтыгы жакшы болот. Мындай пикирин Индира Темирканова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфирине маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, өспүрүмдүн адистик тандоосуна үй-бүлө институтунун таасири абдан чоң.
"Жалпы мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн 80 пайызы кесип тандоодо кыйналат. Буга ар түрдүү факторлор таасир этиши мүмкүн. Мезгилдин талабына ылайык адистик тууралуу маалыматтан кабардар эместиги, психологиялык жактан колдоонун жоктугу баланын келечегин аныктоодо татаалдыктарды жаратат. Кайда барыш керек, кайсы кесип актуалдуу деген ойлор бүтүрүүчүнү кыйын абалга кептейт. Мындай учурда ата-энесинен, жолдошторунан колдоо болушу керек. Көп учурда абитуриенттер өзүнө жакпаган тармак боюнча кесип тандап алып, кайра аны алмаштыруудан чочулашат. Көбү жаңы кадамдарга баруудан, ачылыштардан, өзгөчөлөнүүдөн коркушат. Ошол себептен адам өзүнүн талантына, чеберчилигине, шыгына жараша тармактарды издеп, байкап көрүшү абзел", — деди Темирканова.
Ошондой эле адис интеллектуалдык жактан ойлоп табуу тармагында чоң өзгөрүүлөр болорун кошумчалады.
Подкасттын толук версиясын видеодон көрүңүз: