Бишкек мэри Азиз Суракматов кызматтан кетүү тууралуу арызын жазды

Буга чейин Бишкек шаарынын мэринин иш кабинетин Жоошбек Коеналиев ээлеп алган эле. Азиз Суракматов өз каалоосу менен иштен кетүүнү чечти.
Sputnik

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов өз каалоосу менен кызматтан кетүү боюнча арызын жазды. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы кабарлады.

Эске салсак, буга чейин Бишкек шаарынын мэринин иш кабинетин Жоошбек Коеналиев ээлеп алган эле.