Сатып алуу боюнча начар иштешкен! Боронов эки аткаминерге сөгүш берди

Өкмөт башчы пандемия учурунда жергиликтүү бийлик органдарынын жана ички иштер органдарынын да майнапсыз ишин сынга алган.
Sputnik

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Премьер-министр Кубатбек Боронов саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримовго мамлекеттик сатып алуулар боюнча тийиштүү көзөмөл жүргүзбөгөнү үчүн, ал эми Саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчысы Калысбек Шадыхановго мамлекеттик сатып алуулар боюнча тийиштүү деңгээлде иш алып барбаганы үчүн сөгүш берди. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Өкмөт башчы Кыргызстандын бир катар райондорундагы тургундар арасында коронавирустук инфекциядан жабыркагандардын санынын өсүшүнө байланыштуу тынчсыздануусун билдирген.

Муну менен катар эле санитардык чаралардын, тыюу салуулардын аткарылышына тиешелүү деңгээлде көзөмөл кыла албай койгону үчүн жергиликтүү бийлик органдары менен ички иштер органдарынын да ишин сынга алган.

Баткенде бүгүн киргизилген катуу чектөөлөр кайрадан алынды

Боронов эпидемиологиялык кырдаал боюнча ооруну жуктургандардын көбөйүшүн алдын алууда жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилеринин жоопкерчилиги жогору экенин баса белгилеген.

"Жер-жерлердеги эпидемиологиялык абалга силер жооптуусуңар. Бардык коопсуздук чараларын кабыл алып, көзөмөлдү күчөтүү керек. Эгер илдет күч алса, ага жооптуу экениңерди унутпагыла", — деген өкмөт башчы.

Кыргызстанда коронавирус инфекциясы кайрадан баш көтөрө баштады. Соңку суткада 167 кишиден COVID-19 табылды. Вирус илештиргендердин басымдуу бөлүгү мурдагыдай эле Жалал-Абад, Баткен жана Ош облустарында болууда.