БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Ош шаарында пневмония жана COVID-19 менен ооругандардын медициналык таштандылары үчүн атайын контейнерлер орнотулду. Бул тууралуу аталган муниципалитеттин маалымат кызматынан кабарлашты.
Андан сырткары таштанды полигонунда да атайын жайлар даярдалган.
"Пневмония жана COVID-19 менен ооругандар үчүн ачылган обсервациялардан, саламаттык сактоо мекемелеринен медициналык жана башка кооптуу таштандыларды санитардык эрежелердин негизинде жок кылуу үчүн таштанды полигонунда атайын чуңкурлар даярдалды", — деп айтылат маалыматта.
Оорукана менен стационардан чыккан медкалдыктар кантип жок кылынууда?
COVID-19дан үй шартында дарыланып жаткандардын үйүнөн чыгарылган медициналык таштандылар үчүн контейнерлер Ош шаарынын төрт жерине коюлду.
Алар төмөнкү даректерде:
- Кулатов көч.,14 дарегиндеги үйдүн жанында;
- Айтиев көч., 13 дарегиндеги үйдүн жанында;
- "Семетей" кино театрынын жанында (ХБК);
- Карл Маркс атындагы мектептин жанында.
Контейнерлерди "Ош-Тазалык" атайын адистештирилген муниципалдык ишканасы орноткон.