Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы тасманын ар бир сериясы ар өлкөнүн улуттук спорт оюну менен маданиятына арналгандыгын билдирди.
Аталган фильмдин трейлери даяр болду. Кадрдан бизге тааныш эмес ар кыл өлкөлөрдүн оюндары туурасында, алардын арасынан көк бөрүнүн ирмемдерин көрүүгө болот. Андан сырткары, улакчынын маек берип жатканы жана "аны көрүш керек" деп кыргыз тилинде сүйлөгөнү угулат.
Аталган агенттик фильмди Кыргызстандын аймагынан тартууга чыгармачыл топко көмөктөшүп, жардам көрсөткөн. Биринчи сезондун премьерасы 26-июнда болору айтылды.