Радио

Алакунов: чегирткеге каршы иштер согуш учурунда да токтогон эмес

Айыл чарба министрлигинин өсүмдүктөрдү коргоо жана пестициддерди каттоо бөлүмүнүн башчысы Алмаз Алакунов 1930-жылдан тарта чегиртке менен күрөшүүнү мамлекет өз мойнуна алганын айтты.
Sputnik
Алакунов: чегирткеге каршы иштер согуш учурунда да токтогон эмес

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында чегиртке пайда болуу кооптуулугу бар 17 миң 917 гектар жерде химиялык ууландыруу иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Алмаз Алакунов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, чегиртке коңшу өлкөлөрдөн ооп келиши мүмкүн.

"Чегиртке — айыл чарба өсүмдүктөрү үчүн өтө коркунучтуу зыянкечтердин бири. Архивдик материалдарда согуш учурунда дагы буларга каршы иш-аракеттер токтотулбаганы айтылат. СССР тарагандан кийин постсоветтик өлкөлөрдө зыянкечтерди жок кылуу аракети мамлекет тарабынан жүргүзүлүп келет. Учурда Айыл чарба министрлиги тарабынан чегирткеге каршы химиялык ууландыруу иштери жүрүп жатат. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жана Нарын, Талас, Чүй облустарынын айрым райондорунда чегирткенин мурдатан тарап келген очоктору бар. Анын көбөйүшүнө климаттын өзгөрүшү да өз таасирин тийгизет. Жыл сайын 100 миңдеген гектарда чегирткеге каршы иш-аракеттер жүргүзүлөт. Быйыл Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында 19 миң 817 гектар жерде чегиртке пайда болуу кооптуулугу бар аянт табылып, анын 17 миң 917 гектары химиялык дары менен ууландырылды", — деди Алакунов.

Ошондой эле ал өлкөдө айыл чарба өсүмдүктөрүнө зыян келтирген чегирткенин эки түрү бар экенин кошумчалады.