Бүгүн бир аз көбүрөөк. Коронавирустан 57 киши сакайып чыкты

Республика боюнча бүгүнкүгө чейин жалпы 1170 бейтап айыгып, үйлөрүнө жиберилди. Алгоритм боюнча, булардын бардыгы кайталап анализ тапшырып, жыйынтыгы таза чыккан соң гана сакайды деп эсептелет.
Sputnik

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Акыркы суткада коронавирустан 57 киши сакайды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев бирифинг учурунда билдирди.

“Булардын 40ы Бишкек шаарында, жетөө Ош шаарында жана 10у Нарын облусунда жашайт”, — деди Үсөнбаев.

Республика боюнча жалпы 1170 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.