ЖККУ аскерлери Кант шаарында өрт өчүрүүгө жардам берди. Сүрөт

Ленин көчөсүндөгү турак үйдө өрт 11:30да чыгып, тилсиз жоо 90 чарчы метр жерди жалмап кетти.
Sputnik

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Кант шаарынын борборундагы базардын жанында жайгашкан үйдө өрт чыкканын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ленин көчөсүндөгү турак үйдө өрт чыгып, саат 11:30да өрт өчүрүүчү эки унаа барган.

"Кант" ЖККУ базасынын маалыматына караганда, тилсиз жоо эмерек сактоочу кампанын аймагында чыккан. Ал тууралуу маалымат базанын мөөнөт бөлүмүнө саат 11:45те түшкөн. Он беш мүнөт өткөн соң Бириккен Россия авиабазасынын өрт өчүрүүчү командасы Ысык-Ата райондук куткаруучулары менен бирге барып, өрттү өчүрүүгө жардам берген.

Тилсиз жоо 90 чарчы метр жерди жалмап кеткен. Жабыркагандар жок.