Бишкекте ага-ини жоголду. Туугандары элден жардам сурайт

Алгач 51 жаштагы Канат Асанов жоголгон. Ал 2020-жылдын 9-январында саат 18.00 чамасында Ынтымак жаңы конушундагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес. Алты күндөн кийин аны издеп чыккан иниси дагы дайынсыз болууда.
Sputnik

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Бишкекте 51 жана 47 жаштагы ага-ини дайынсыз жоголуп, изделип жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине алардын жакындары билдирди.

Маалыматка караганда, алгач 51 жаштагы Канат Асанов жоголгон. Ал 2020-жылдын 9-январында саат 18.00дөр чамасында Ынтымак жаңы конушундагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес. 

Бишкекте ага-ини жоголду. Туугандары элден жардам сурайт

Ал эми иниси Кубат Асанов ушул эле жылдын 15-январында Заречное айылынан бир тууганын издөөгө кеткен бойдон дайыны жок. 

Бишкекте ага-ини жоголду. Туугандары элден жардам сурайт

Канат Асановдун өзгөчө белгилери: бою 160-165 сантиметр, арыкчырай, чачы ак баскан. Көз айнек тагынат. Үстүнө көк түстөгү капюшону бар куртка, кара шым жана кара бут кийимчен.

Дайынсыз жоголгон чүйлүк кыз Москвадагы абактан табылды
Кубат Асановдун өзгөчө белгилери: бою 160 сантиметр, арыкчырай, көзүнүн көрүүсү начар. Үстүнө кара куртка, кара баш кийим, көк жинсы шым жана кара бут кийим кийген.

Бир туугандардын жакындары алардын жүргөн жерин же алар тууралуу маалымат билгендер болсо, төмөнкү телефондорго кабарлап коюуну өтүнөт: 0501 12 42 19, 0551 12 42 19, 0777 74 06 99.