Москвада бычакталган кыргызстандыктын сөөгү алып келинди

Буга чейин 25 жаштагы жигиттин сөөгүн туугандары ала албай жатканы айтылган. Ал эми Россиядагы элчилик маселе көзөмөлдө экенин белгилеген.
Sputnik

БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Москвада жаңжалдаша кетип, бычакталып каза тапкан кыргызстандыктын сөөгү мекенине алып келинди. Бул тууралуу КРдин Россиядагы элчилиги кабарлады.

Белгилей кетсек, кырсык 2019-жылдын 31-декабрында болгон. Чыр чыгып, андан соң мушташа кеткен мекендештердин бири экинчисине бычак уруп, натыйжанда 25 жаштагы жигит көз жумган. Тергөө иштери жүрүп жаткандыктан жана эс алуу күндөрүнөн улам маркумдун сөөгүн алып кетүү мүмкүн болбой жаткан болчу.

"Сөөк маркумдун туугандарына 6-январь күнү өткөрүп берилди. Жүк-200 "Уральские авиалинии" компаниясынын U6-2455 каттамы менен жөнөтүлдү", — деп айтылат маалыматта.

Ушу тапта тергөөгө чейинки териштирүү иштери жүрүп жатат. Элчилик маселе көзөмөлүндө экенин белгиледи.