Аңтарылып кетти. Кайгуул милициянын унаасы бусту сүзгөн учурдун видеосу

Эки көчөнүн кесилишинде милициянын машинасы сүзгөн жүк ташуучу микроавтобус оодарылып, бир топко сүрүлүп барган.
Sputnik

БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Кайгуул милициянын автоунаасы менен жүк ташыган бустун кагышкан учуру тартылган видео жарыяланды.

Жол кырсыгы бүгүн, 6-январда, саат 9.30дар чамасында Бишкектин Тоголок Молдо жана Ленинград көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Кадрдан автоинспекторлордун унаасы маягын жандырып баратканын көрүүгө болот. Эки көчөнүн кесилишкен жеринен бус өтүп жатканда капталга сүзгөн. Бус аңтарылып, бир нече аралыкка чейин сүрүлүп барган.

Жыл жаңыргандан бери Бишкекте Кайгуул милициянын автоунаасы катышкан жол кырсыгы экинчи ирет кайталанып жатат. Биринчиси 3-январда болгон.