Чет жакта жүргөн КР жарандарын каттоо бекер жана оңой болот. Жаңы эреже

Эми чет мамлекетте жүргөн КР жарандары консулдук кызматка барып, документ тапшырып убара болбойт. Бардык керектүү кагаздарды электрондук почта менен жиберүү жетиштүү.
Sputnik

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Эми консулдук каттоого туруу үчүн акы алынбайт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Жээнбеков Катарга элчи дайындап, Россиядагы консулдарды алмаштырды
25-ноябрда өкмөт КР жарандарын консулдук каттоого алуу жана чыгаруу боюнча автоматташтырылган "Консулдук каттоо" системасын колдонуу боюнча токтом кабыл алды.

Эми чет мамлекетте жүргөн Кыргызстандын жарандары консулдук кызматка барып, документ тапшырып убара болбойт. Бардык керектүү кагаздарды электрондук почта менен жиберүү жетиштүү.

Ошондой эле консулдук алымдар дагы жоюлду. Буга чейин убактылуу жашоо үчүн каттоого алууга 3 доллар, туруктуу жашоо үчүн катталууга 5 доллардан алынып келген.