БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга келгенин КР мамлекет башчысынын маалымат кызматынан кабаралашты.
"Путин бүгүн, 28-ноябрда, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишими уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына катышуу үчүн келди. Аны "Манас" эл аралык аэропортунан Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков тосуп алды", — деп айтылат билдирүүдө.
ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына катышуунун алкагында эки президенттин жолугушуусу болот.