Мирзиёевдин күйөө баласы жол эрежесин бузганы үчүн миллиондук айыпка жыгылды

Өзбекстандын лидеринин күйөө баласы Отабек Умаров Tesla үлгүсүндөгү автокөлүк айдаары маалым болду.
Sputnik

БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин кенже күйөө баласы Отабек Умаров автоунаасынын ылдамдыгын жогорулатып айдаганы үчүн айыпка жыгылды. Бул туурасында Умаров өзүнүн Instagram баракчасы аркылуу билдирген.

Умаров Tesla үлгүсүндөгү автокөлүгүнүн ылдамдыгын саатына 40 чакырымдан ашырып айдаганы жазылган. Бул сапар президенттин күйөө баласы 1 миллион 824 570 сумга (212 доллар) жыгылган. Сом менен алганда 15 миңге жакын акча.

Буга чейин интернет айдыңында — YouTube каналында Ташкенттин борбордук көчөсүндө Tesla унаасын саатына 201 чакырым ылдамдыкта айдап бара жаткан кишинин видеосу тараган. Бир катар ЖМКлар ал Шавкат Мирзиёевдин кенже күйөө баласы Отабек Умаров экендигин билдирди.

Отабек Умаров Мирзиёевдин экинчи кызы Шахнозанын күйөөсү. 2017-жылы ал өз кайнатасынын — президенттик күзөт башкармалыгынын жетекчисинин орун басарлыгына дайындалган.