Малдын этинде калган антибиотиктер кийин тамак аркылуу адамдын денесине өтүп, түрдүү ооруларды козгойт. Бул тууралуу Зарылбек Абдылдаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мындан ары антибиотиктер атайын рецепт менен ветеринардык дарыканаларда гана мал доктурларга сатылат.
"Мал өз убагында эмдөөдөн өтүп турса, эч кандай илдетке чалдыкпайт. Оорусу болбогон малга антибиотиктерди колдонуунун деле кажети жок. Ошол себептен фермерлерди малды өз учурунда, тактап айтканда жазында жана күзүндө өтө турчу ветеринардык профилактикалык эмдөөлөрдөн активдүү өткөрүүгө чакырат элем. Алдын алуу боюнча мындай чараларды ийгиликтүү ишке ашырып алсак, ылаңдаган малдын саны да азаят. Аны менен бирге антибиотиктерди колдонуу муктаждыгы да жоюлат. Антибиотиктер ашыкча жана башаламан колдонулса кесепети өтө кейиштүү болот. Анткени дарылайбыз деп эле аны каалагандай колдоно берсек, акырындык менен малдын иммунитети төмөндөп, оорунун туруктуулугу келип чыгат. Андай болгон учурда дагы күчтүү антибиотик талап кылынат. Азыркы тапта андай дары-дармектердин түрү көбөйдү. Алардын канчалык пайдасы же зыяны бар экендигин толук изилдеп чыга элекпиз. Ошол себептен ветеринар менен кеңешпей туруп антибиотиктерди колдонуудан алыс болгула дейт элем. Анткени учурда сатыкка чыккан эттен антибиотиктин калдыктары табылса, аны дароо жок кылууга туура келет. Бул - учурдагы ветеринардык талаптардын бири", — деди Абдылдаев.
Ал Кыргызстанда ветеринардык 220 дарыкана жана эки миңден ашуун мал доктур бар экендигин кошумчалады.