БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жакында композиторлор арасында үч багытта сынак жарыяламакчы. Бул туурасында аталган министрликтен кабарлашты.
Конкурс атуулдук, лирикалык жана балдар темасындагы ырлар арасында өтөрү айтылды.
Кыргыз Республикасынын композиторлор союзу 1939-жылы 25-октябрда Кыргыз ССРинин токтому менен түптөлгөн. Быйыл союздун түзүлгөнүнө 80 жыл болот. Аталган мекемени учурда композитор Турдубек Чокиев жетектейт.