"Коопсуз шаарга" даярдык. Мэрия Бишкектин 38 жерин ылайыктап жатат

Долбоорду ишке ашыруу төрт этапка бөлүнгөн. Экинчи учурга пландалган иштерди мартта баштоо пландалууда.
Sputnik

БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Бишкек мэриясы "Коопсуз шаар" долбоорунун биринчи этабына киришүүгө камынып, көчөлөрдүн 38 кесилишин даярдап жатат. Бул туурасында муниципалитеттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Шаардык ар кыл кызматтар бактардын жол чырак менен белгилерин тосуп калган жерлерин кыйып, жол чийин түшүрүп, светофор жана прожекторлорду орнотууда. Жогоруда саналып өткөн иштер 8-февралда аякташы керек.

Көчөнүн 38 кесилишине фото жана видеокамералар коюлуп, "Көзөмөл" деген жол белгиси илинет. Жол кыймылын камералар күнү-түнү жазып турары айтылды.

Эрежени бузбаңыз! Балыкчы шаарынын жолдоруна видео камералар орнотулду
Буга чейин Манас проспектисинде жана Жусуп Абдрахманов атындагы көчөдө жогорудагыдай жабдуулар орнотулган.

Долбоорду ишке ашыруу төрт этапка бөлүнгөн. Экинчи учурга пландалган иштерди мартта баштоо пландалууда. Көптөгөн талаш-тартыш, бир канча соттук териштирүүлөрдөн кийин бул жооптуу ишти россиялык "Концерн радиостроения "Вега" акционердик коому ишке ашырмай болгон.