Жээнбеков: керек болсо Геология комитетиндегилердин баарын иштен алгыла!

Өлкө башчысынын Өнөр жай, энергетика жана жер байлыгын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси жасаган докладга ичи чыккан жок.
Sputnik

БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында муктаждык жаралса, Өнөр жай, энергетика жана жер байлыгын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетте иштегендердин баарын кызматтан алууну айтты.

Кеңештин күн тартибиндеги жалгыз маселе — жер казынасы тармагындагы коопсуздук.

Жээнбековдун комитет жетекчиси Эмил Осмонбетовдун 25 мүнөттүк докладына ичи чыккан жок.

"Ишке болгон дилгирлик жок. Мекеменин беш жетекчисине кылмыш иши козголгон. Бөлүм башчылар деле ушуга кептейт. Реформа жасаш керек, иштегиси келбегендерди жумуштан алгыла, керек болсо баарын алгыла!" — деди өлкө башчысы.

Президент активдүү иштөөгө чакырды.