Ош шаары жаңы мэрлүү болду. Видео

Сарыбашевди шайлоого катышкан 45 депутаттын 44ү колдогон.
Sputnik

БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Таалайбек Сарыбашев шаардык кеңештин депутаттарынын көпчүлүк добушу менен Оштун мэри болуп шайланды.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жеринен билдиргендей, шайлоого катышкан 45 депутаттын 44ү "макул" деп добуш берип, бирөөсү гана каршы болгон.

Белгилей кетсек, Ош шаарынын мэрин шайлоо бүгүн, 18-июлда өттү.