Нарында оодарылып кеткен жүк ташуучу унаанын айдоочусу көз жумду

Кырсык Кызыл-Бел ашуусунда болгон
Sputnik

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 353-чакырмындагы Кызыл-Бел ашуусунда кырсыктан жүк ташуучу унаанын айдоочусу каза болгонун ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 14-март күнү саат 20.30дар чамасында болгон. "Volvo" үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай калган. Натыйжада машина жолдон чыгып, оодарылып кеткен.

Кырсык болгон жерге келген куткаруучулар маркумдун сөөгүн алып чыгып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.