Москвада көп тармактуу кызматта иштегендерди вакцинацияга каттоо башталды

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүМедайым эмдөө учурунда. Архив
Медайым эмдөө учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматта эмделе тургандардын тармагы улам кеңейип, жыйынтыгында профилактика кылууну каалаган ар бир москвалыкка мүмкүнчүлүк жаралары кабарланды.

БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. COVID-19га каршы тобокел тобундагы, тагыраагы, көп тармактуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагылардын, соода жаатында иштегендердин вакцина алышы үчүн кезекке жаза турган борборлор Москвада бүгүндөн тарта иштей баштады. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.

Буга чейин эмдөө тобокел топторуна киргендерге, тагыраагы, медиктер менен мугалимдерге, шаардагы социалдык мекемелердин, билим берүү, дарылоо жайларынын кызматкерлерине гана жеткиликтүү болуп жаткан.

Азыр ким эмдөө ала алат?

Москванын мэри Сергей Собянин борбор калаада вакцинанын жаңы партиясы даярдалып жаткандыгын, дүйшөмбүдөн тарта жаңы тобокел тобундагылар эмдөө үчүн жазыла баштай турганын мурдараак айткан эле.

Ооруканадагы медициналык кызматкер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Адис COVID-19 пандемиясы качан бүтөрүн айтты
Маалыматта вакцина ала тургандардын тармагы улам кеңейип, жыйынтыгында профилактика кылууну каалаган ар бир москвалыкка мүмкүнчүлүк жаралары кабарланды.

Эмдөө өнөкөт оорусу жок, 18ден 60 жашка чейинки, коронавируска каршы вакцинаны клиникалык сыноо иштерине катышпаган, акыркы бир айда сасык тумоого каршы вакцина албаган адамдарга жасалат. Андан сырткары, Москвадагы бейтапканаларда катталган болууга тийиш. Кош бойлуулар менен бала эмизгендерге эмделүүгө болбойт.

Вакцина алар алдында...

РИА Новостиге Саламаттык сактоо департаментине караштуу №2 шаардык бейтапкананын башкы дарыгери Наталья Шиндряева эмдөөгө эч кандай деле даярдыктын кереги жоктугун жана тамак-ашка чектөө коюлбагандыгын айткан. Адис болгону жакшылап 7-8 саат уктоо зарылдыгын, дегеле уйкусу канган адамдын инфекциядан коргонууга жана иммунитетин көтөрүүгө жакшы мүмкүнчүлүгү жараларын белгиледи.

Эмдөө кандай жасалат?

COVID-19га каршы эмдөө эки ирет жасалат. Негизи биринчи вакцинацияга гана жазылуу керек, ал адам экинчисине автоматтык түрдө катталып калат. Экинчисин жасоого бир сутка калганда ага эскерткен СМС келет.

Биологиялык коркунучтун белгиси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Коронавирусту эки мүнөттө жок кылуунун жолу табылды
Эмдөөнү алууга бир саатка чукул убакыт бөлүш керек. Анын ичинен 10 мүнөт вакцинация алдында дарыгердин кароосуна, 15 мүнөт препаратты даярдоого, жарым саат вакцина салгандан кийинки жалпы абалды байкоого алууга кетет.

Бул процедурадан өткөн москвалыктарга эки ирет эмделди деген сертификат берилери айтылды.

Эмдөө алганга бара жатканда паспорт, Медициналык милдеттүү камсыздандыруу полисин, тиешелүү жерде иштегенин тастыктаган документти кошо алып алуу керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0