"Ачык каалганы каккылоо". Москва АКШны жаза таюудан сак болууга чакырды

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүПоказ техники на форуме "Армия–2017" в Свердловской области
Показ техники на форуме Армия–2017 в Свердловской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россия Стратегиялык чабуул коюучу куралдарды чектөө жана азайтуу боюнча келишимдин (ДНСВ-3) сакталышын колдоп, Кошмо Штаттарды аны узартууга үндөөдө.

Сүйлөшүүлөр жай мезгилинен бери созулуп келет. Вашингтон документтин кайра каралышын талап кылат, Москва аны өзгөртүүдөн баш тартат. Маселе эмнеде экенин талдап көрүшкөн серепчилер Галия Ибрагимова жана Софья Мельничуктун макаласы РИА Новости агенттигинин сайтына жарыяланган.

"Биз жоопту уга албай турабыз"

"Ыкчам түрдө чечүүгө боло турган, бачым чечилиши зарыл болгон биринчи кезектеги маселе — бул, албетте, Россия Федерациясы жана Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы Россия Стратегиялык чабуул коюучу куралдарды чектөө жана азайтуу боюнча келишимди узартуу. Анын мөөнөтү аяктаарына өтө аз калды, 2021-жылдын февралында бүтөт. Америкалык өнөктөштөрүбүз менен мындай сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдөбүз", — деди президент Владимир Путин Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 75-жыйынынын ачылышында.

БУУну АКШ ыдыраткысы, Россия куткаргысы бар

Россиялык президент өлкөлөрдү жаңы ракеталык тутумдарды ачууда сабырдуулукка чакырды. Өткөн жылы Кошмо Штаттар Чакан жана орто аралыктагы ракеталарды жок кылуу жөнүндөгү келишимден чыгып кеткен, андан соң Москва аларды Европага жайгаштырууга мораторий жарыялаган. Путин ал боюнча "Бул АКШ мындай чараларга баруудан карманып турганга чейин. Тилекке каршы, биздин сунушка америкалык өнөктөштөрдөн да, алардын өнөктөштөрүнөн да жоопту азырынча уга элекпиз", — деп кошумчалады ал.

СНВ-3 келишимин узартууну Антониу Гутерриш да бир нече ирет сунуштаган. Ал эми келишимге Кытайды кошуу боюнча АКШнын талабына БУУнун башкы катчысы терс пикирде.

Америкалыктарга "катуу жаза таюудан" сак болууга Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя да эскерткен.

Стратегиялык коопсуздуктун үлкөндөрү

ДСНВ-3 — өзөктүк технологияларды көзөмөлдөө чөйрөсүндө негиз салуучу документ. Ага 2010-жылы кол коюу менен Москва менен Вашингтон стратегиялык арсеналдарды кыскартууга милдеттенме алышкан.

Процесс жетимишинчи жылдардын башында эле башталган. Ал кезде кансыз согуштагы каршылаштар Стратегиялык куралдарды чектөө тууралуу алгачкы келишимди (ОСВ-1) түзүшкөн. Ошондон тарта бул жаатта эки тараптуу келишимге жети ирет кол коюлган.

АКШ аларды аткарууда эч качан шек жараткан эмес, бирок Дональд Трамп тактыга отургандан бери баары өзгөрдү. Ак үйдүн башчысы макулдашууларды учурдагы кырдаалга ылайыктоого умтулат. Келечекте куралдануунун жаңы жарышы аны коркутпайт.

Россиянын учкучсуз "Охотниги" АКШ менен НАТОну санаага салууда. Себеби

Чакан жана орто аралыктагы ракеталарды жок кылуу жөнүндөгү келишимден чыгуу тууралуу 2019-жылдын августунда жарыялаган чечимин Кошмо Штаттар Россияга карата дооматтары менен түшүндүргөн.

Алардын негизгиси – Москва кыязы, документ тыюу салган SSC-8 ракетасын сынаган имиш (россиялык классификациясы — 9M729). Бирок америкалыктар эч кандай так бир далил келтире алышкан эмес.

Анткен менен бейформал сүйлөшүүлөрдө маселе Москванын кадамдарында эмес экенин моюнга алышкан. Пентагон Кытай чакан жана орто ыраактыктагы ракеталарды чыгарып жатканынан шектенип, кытай бийлигинен стратегиялык куралдануу боюнча сүйлөшүүлөргө кошулууну талап кылган. Пекин Американын андай каалоолорун капарга алган эмес.

2020-жылы майда АКШ Ачык асман боюнча келишимден чыгып, кайрадан Москваны "орустар инспекциялык учуштарга жолтоо болууда" деп айыптаган. Россиянын коргоо министри муну жокко чыгарган. Аталган министрлик америкалыктар космосту активдүү өздөштүрүүгө ниеткер, ал эми бул келишим аларга жол бербегендигин боолголошот.

Өзөктүк паритет

"АКШ жана НАТО Кытайдын өзөктүк программасы тез өнүгүп жатканынан чочулайт. Кыязы, кытайлыктар бул маселеде Вашингтон жана Москва менен теңдештүүгө ниеттенет өңдөнөт", — деп түшүндүргөн ушул жайда куралданууну көзөмөлдөө боюнча АКШнын атайын өкүлү Маршалл Биллингсли.

Лавров: ШКУга мүчө өлкөлөр Ирандын өзөктүк программасы боюнча планды колдойт

Вашингтон Стратегиялык чабуул коюучу куралдарды чектөө жана азайтуу боюнча келишим Россиянын тактикалык өзөктүк дараметин чектебегенине нааразы. Биллингсли стратегиялык куралдардын верификациясынын азыркы механизмин да сынга алган эле.

Талкуу баары бир башталды, бирок америкалыктар кезектеги талабын билдирди. "АКШ ачык эшикти каккылай, сүйлөшүүлөргө акыркы үлгүдөгү россиялык куралдарды кошууну талап кылууда", — деп билдирди россиялык министр.

"Жакшы сунуш"

Жолугушуулардын экинчи раунду сентябрда майнапсыз аяктады. АКШнын жаңы талабы — кошумча алкактагы келишимдерди кабыл алуу. Ага америкалыктар стратегиялык гана эмес, тактикалык өзөктүк арсеналдарды да камтууну сунуштоодо. Бир гана Вашингтон сүйлөшүү процессине Кытайды кошуу менен кол коюуну жылдырууга макул болду.

"Биз Россияга жакшы сунуш бердик", — деди Биллингсли.

РФ Тышкы иштер министрлигинен Москва аталган келишимди азыркы гана калыбында кабыл аларын кабарлашты. Анын мөөнөтү бир нече айдан кийин аяктайт, андан бир нерсени өзгөртүүгө убакыт тар. Бул мекемедегилер макулдашуу процессин америкалыктардын өздөрү создуктурганын белгилешти.

"Эгер АКШ кызыкчылыктардын шайкештигинин негизинде кандайдыр жаңы нерсени иштеп чыгууга даяр болсо, анда келишимди кабыл алуу мүмкүн. Бирок убакыт керектелет", — деп мүнөздөйт кырдаалды РФ ТИМ орун басары Сергей Рябков.

"АКШ өзгөчө жеңилдиктерди самайт"

"Альтернатива аз: же Стратегиялык чабуул коюучу куралдарды чектөө жана азайтуу боюнча келишимди өзгөртүүсүз узартуу же биротоло андан баш тартуу", — деп боолголойт куралданууну көзөмөлдөө көйгөйлөрү боюнча адис Евгений Мясников.

Келишимдин башкы баалуулугу стратегиялык куралдардын верификация системасында деген ойдо ал. "Мурда бири-биринин аракеттерин көзөмөлдөө татаал эле. Тараптар эң кооптуу сценарийге карашкан, бул кезегинде чыңалууну күчөткөн. Эгер система кыйраса, өткөндүн кайталануу тобокелдиги да өсөт", — деп эскертет эксперт.

Жаңы технологиялар жана эл аралык коопсуздук боюнча ПИР-борбордун жетекчиси Вадим Козюлин келишимдин узартылышынан шек санабайт. АКШнын талаптарын ал баа-наркын жогорулатуу оюнундай баалайт.

F-35ти модернизациялоо. АКШнын доо кеткен беделин бийиктетүү аракети

"Трамп баягысындай эле: келишимди түзүүнүн алдында өзгөчө жеңилдиктерди соодалашып алгысы келет. Бирок убакыт келип калды, америкалыктар узартууга макул болот. Жаңы шарттар – кийинки талкуулардын предмети. Ошону менен бирге эле Европадагы тактикалык өзөктүк арсенал жана америкалык курал боюнча Россиянын да сунуштары бар", — деген пикирин билдирет эксперт. Ал Стратегиялык чабуул коюучу куралдарды чектөө жана азайтуу боюнча келишимге учкучсуз тутумдар кирбестигин, аларды деле өзөктүк куралды ташуучу катары кароого болорун белгилейт.

"Учкучсуздар боюнча Россиянын да көп суроолору бар. Негизи, бул ошол эле канаттуу ракета. Көп жолу пайдаланылышынан улам ал олуттуу коркунуч туудурат. Бирок Стратегиялык чабуул коюучу куралдарды чектөө жана азайтуу жаатындагы келишим боюнча кезигүүлөрдүн алкагында Москва бул теманы азырынча көтөрүп чыга элек", — дейт Козюлин.

Анын айтымында, көзөмөл тутумун сактап калуу учурда негизинен АКШга жараша. Эгер Вашингтон диалогго даяр болсо, анда келечегинде ага өзөктүк куралга ээлик кылган мамлекеттерди, атап айтканда, Кытай, Франция, Улуу Британия, Индия, Пакистанды кошуп алууга болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0