17:44 17 Чын Куран 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR101.5734
  • RUB1.1224

Асыкулов: жаныбардын терисинен жасалган чапан кийген заман өттү

Радио
Кыскача шилтеме алуу
20

NABU-Кыргызстан уюмунун жетекчиси Толкунбек Асыкулов жаныбардын терисин кооздук үчүн колдонуу эски заманга таандык деген пикирин билдирди.

Асыкулов: жаныбардын терисинен жасалган чапан кийген заман өттү

Жаныбарлардын терисинен жасалган чапандарды жонуна илип алган заман өттү. Мындай ою менен Толкунбек Асыкулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып бөлүштү.

Анын айтымында, искусство, маданият тармагындагылар кооздук үчүн жаныбарлардын терисин колдонгону өкүнүчтүү.

Чет элдик саякатчы Кыргызстандын тоолорунан эки ак илбирсти тартып алды

"Айрымдар жаныбарлардын терисин боз үйгө, ал эми айтышка катышканда, манас айтканда илбирс чапанды жонуна илип алат. Мындай элементтерди колдонгон заман өттү. Ал учурда адамдар айла жоктон аңчылык кылып жанын багып, териси коромжу болбош үчүн кийим тигип кийген. Азыр андай муктаждык жок. Себеби кийимдин түрүн тапса болот. Өздөрүн "патриотпуз" деп, анан кыргыздын жоголуп бара жаткан жаныбарын атып, терисин жонуна илип алганы туура эмес. Манас айтуу, айтыш, төкмөлүк кыргыздын жоголуп бара жаткан жанрлары болуп саналып, өзгөчө көңүл бурулат. Илбирске дагы ошондой эле аяр мамиле жасоо керек деген кайрылууну аталган тармактын өкүлдөрүнө жасамакчымын", — деди Асыкулов.

Ошондой эле ал жаратылышты коргоо багытында бардык жарандар ойлонушу керектигин кошумчалады.

Тема боюнча

Акактаган, таңыркаган илбирстер. Ала-Тоону байырлаган жаныбардын сейрек сүрөттөрү
Белгилер:
маданият, сактоо, ак илбирс

ЭҢ МААНИЛҮҮ