https://sputnik.kg/20201023/ilbirsti-saktoo-tuuraluu-1050170896.html
Асыкулов: жаныбардын терисинен жасалган чапан кийген заман өттү
Асыкулов: жаныбардын терисинен жасалган чапан кийген заман өттү
Sputnik Кыргызстан
NABU-Кыргызстан уюмунун жетекчиси Толкунбек Асыкулов жаныбардын терисин кооздук үчүн колдонуу эски заманга таандык деген пикирин билдирди. 23.10.2020, Sputnik Кыргызстан
2020-10-23T15:05+0600
2020-10-23T15:05+0600
2021-12-21T12:13+0600
https://sputnik.kg/img/104677/36/1046773698_0:0:3067:1736_1920x0_80_0_0_dcc9f35123e7ddae3f4c2a16d4ad2774.jpg
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2020
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104677/36/1046773698_0:0:3067:1928_1920x0_80_0_0_986c55b9137b8dbf648db8dfb7a4a47b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
коом, кыргызстан, маданият
коом, кыргызстан, маданият
Асыкулов: жаныбардын терисинен жасалган чапан кийген заман өттү
15:05 23.10.2020 (Жаңыртылды: 12:13 21.12.2021) NABU-Кыргызстан уюмунун жетекчиси Толкунбек Асыкулов жаныбардын терисин кооздук үчүн колдонуу эски заманга таандык деген пикирин билдирди.
Жаныбарлардын терисинен жасалган чапандарды жонуна илип алган заман өттү. Мындай ою менен Толкунбек Асыкулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып бөлүштү.
Анын айтымында, искусство, маданият тармагындагылар кооздук үчүн жаныбарлардын терисин колдонгону өкүнүчтүү.
Чет элдик саякатчы Кыргызстандын тоолорунан эки ак илбирсти тартып алды
"Айрымдар жаныбарлардын терисин боз үйгө, ал эми айтышка катышканда, манас айтканда илбирс чапанды жонуна илип алат. Мындай элементтерди колдонгон заман өттү. Ал учурда адамдар айла жоктон аңчылык кылып жанын багып, териси коромжу болбош үчүн кийим тигип кийген. Азыр андай муктаждык жок. Себеби кийимдин түрүн тапса болот. Өздөрүн "патриотпуз" деп, анан кыргыздын жоголуп бара жаткан жаныбарын атып, терисин жонуна илип алганы туура эмес. Манас айтуу, айтыш, төкмөлүк кыргыздын жоголуп бара жаткан жанрлары болуп саналып, өзгөчө көңүл бурулат. Илбирске дагы ошондой эле аяр мамиле жасоо керек деген кайрылууну аталган тармактын өкүлдөрүнө жасамакчымын", — деди Асыкулов.
Ошондой эле ал жаратылышты коргоо багытында бардык жарандар ойлонушу керектигин кошумчалады.