Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Куттубай кызы: зомбулук көрсөткөндөргө атайын түзөтүү программасы иштейт

© Sputnik / Табылды КадырбековСпециалист по гендерным вопросам Минтруда и соцразвития Асем Куттубай кызы
Специалист по гендерным вопросам Минтруда и соцразвития Асем Куттубай кызы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин гендердик суроолор боюнча бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Асем Куттубай кызы зордук-зомбулуктун өсүп жатканы мурда жашыруун болгон фактылардын ачыкталганы менен байланыштуу экендигин айтты.
Куттубай кызы: зомбулук көрсөткөндөргө атайын түзөтүү программасы иштейт

Зордук-зомбулук көрсөткөн адам милдеттүү түрдө түзөтүүгө багытталган атайын программадан өтөт. Бул тууралуу Асем Куттубай кызы Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка күбө болгон бардык жаран атайын органдарга маалымдашы шарт.

"2017-жылы үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргоо жана сактоо боюнча мыйзам кабыл алынган. Ага ылайык, жабырлануучу өз каалоосу менен арыз жазып, зомбулук тууралуу маалымдачу. Ал эми жаңы мыйзам боюнча үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка күбө болуп калган бардык жаран атайын органдарга билдире алат. Учурда мындай окуялардын көп катталып жатканына кооптонбошубуз керек. Тескерисинче, мурда жашырылып келген фактылар ачыкталып баштаганына сүйүнсөк болот. Мурда мындай жагдайлар ар кандай себептер менен жашырылып калчу. Учурда алар кандайдыр бир деңгээлде мыйзам тарабынан корголууда. Мыйзам боюнча зомбулук көрсөткөн адам милдеттүү түрдө жүрүм-турумун өзгөртүү үчүн атайын түзөтүүчү программадан өтөт", — деди Куттубай кызы.

Ошондой эле ал үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча кылмыштар өткөн жылы 2010-жылга салыштырмалуу беш эсеге өскөнүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0