Пневмониядан былтыр алты айда быйылкыга караганда көп адам өлгөн. Статистика

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүЦентр "НМИЦ здоровья детей" Минздрава РФ, где проходят лечение дети с COVID-19
Центр НМИЦ здоровья детей Минздрава РФ, где проходят лечение дети с COVID-19  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы мезгилде өлкө аймагында коронавирустун жайылып кетиши менен бир топ киши пневмониядан каза болууда.

БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Өлкөдө жыл сайын өпкө ооруcу менен жарым миллиондон ашык адам жабыркап келет. Алардын 90 пайызга жакыны курч респиратордук инфекция жугузуп ооруканага кайрылса, беш пайыздан ашыгы гана пневмонияга кабылчу.

Бирок март айынан тарта Кыргызстанда коронавирус жайылып, өтүшүп, пневмонияга айланууда. Дарттан өпкөсү жабыркап, ооруканага кайрылгандар, илдет менен алышып айыга албай көз жумгандардын саны акыркы убакта кескин көбөйүп кетти.

Адистер дарттын өтө курч мүнөздө өрчүп, ага кабылган адамдын саламаттыгы тез арада эле начарлап жатканын айтышууда.

Sputnik Кыргызстан агенттиги ал илдеттин статистикасына кайрылып көрдү.

74 эмес! Министрлик пневмониядан каза болгондордун санын тактады

Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянсак, өткөн жылы республикада 31 миң 199 адам пневмония дартынан жапа чеккен. Алардын ичинен 26 миң 121 (83,7 пайыз) бейтап 14 жашка чейинки балдар болчу.

Ал эми үстүбүздөгү жылдын алты айында (январь-июнь) өлкө боюнча аталган ооруга 11 миң 873 адам чалдыккан. 2019-жылдын биринчи жарым жылында пневмониядан жапа чеккендердин саны 19 миң 612ден ашкан. Мындайча айтканда, былтыр 7 миң 739 адамга көп катталган.

Ошондой эле 2020-жылдын биринчи жарымында, январь-июнь айларында илдеттен 277 киши көз жумса (июлдун статистикасы кошулган жок), өткөн жылдын алты айында 318 адам каза болгон.

Эгер ар бир облусту өз-өзүнчө алсак, быйыл Жалал-Абад, Ош, Чүй жана Баткен облусунун тургундарында бул оору арбын катталып, Жалал-Абад облусу менен Бишкек шаарында башка аймактарга салыштырмалуу көп киши кайтыш болгон.

Бир суткада 954 адам пневмонияга кабылган. Ооругандардын саны 9 204кө жетти

Бирок акыркы жумаларда пневмония менен ооруп, андан көз жумгандардын саны кескин өсүп кетти. Мисалы, 15-июлда эле 954 кишиден бул илдет табылган. Адистер учурдагы пневмония коронавирустун өтүшүп кеткен формасы экендигин айтышууда.

Саламаттык сактоо министрлиги март айынан бери аталган дарт Кыргызстанда жалпы 571 адамдын өмүрүн алгандыгын билдирди.

Өлкө аймагындагы соңку кабарлар менен биздин Telegram-каналдан таанышып туруңуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0