Милицияны полиция кылып өзгөртүү каралууда, бирок ага кошумча каражат керек

Жазылуу
Премьердин тапшырмасы менен адистер башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын изилдей башташты

БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Милицияны полицияга өзгөртүү маселеси каралып жатат. Бул тууралуу премьер-министр Сапар Исаков Кыргызстандагы коопсуздук жана кылмышты алдын алуу саясаты аттуу конференция учурунда билдирди.

Анын айтымында, укук коргоочуларды элге жакын кылуу негизги маселе болуп турат.

"Милиция — бул Советтер Союзунан бери келе жаткан милитаристтик авторитардык структура. Ал процесс менен статистикага багытталган. Ал эми полициянын милдети — коомчулук менен иштешүү. Учурда биздин адистер башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын изилдеп жатат", — деди Исаков.

Ал ошондой эле өзгөртүүлөргө кошумча каражат керектелгендиктен бул маселени атайын пландын негизинде ишке ашыруу зарылдыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0