Ойготуп койгулачы! Кайсы министрликтин сайты кандай иштейт

© Sputnik / Табылды КадырбековНоутбукта иштеп жаткан адам. Архив
Ноутбукта иштеп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын аткаруу бийлигинде 12 министрлик иш алып барат. Ар биринин жасаган иши туурасында коомчулукка ачык маалымдап турган интернет сайттары бар. Расмий маалыматтарды ошол жактан алууга болот. Тилекке каршы, айрым министрликтин сайттарына баш баксаң бир жыл артка барып келесиң.

БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Айрым министрликтин сайтынан кыргыз тилиндеги маалыматтарды сыйпалап таппайсыз. Жада калса министрдин өмүр баяны да кыргызча жазылган эмес, дагы бир сайтка кирсеңиз эки ай мурда кызматын тапшырган министр дагы деле ордунда "отурган" болот. Анткен менен материалдарды мамлекеттик жана расмий тилде ыкчам жарыялап ажат ачып турган сайттар да жок эмес.

Sputnik Кыргызстан агенттиги КР министрликтеринин сайты жана социалдык тармактагы баракчалары кандай иштеп жатканына баам салды.

Ички иштер министрлиги

Сайт убактылуу иштебейт. Министрликтин маалымат кызматы учурда сайттын доменин узартуу мөөнөтү келгендиктен иштебей калганын айтып, жакынкы күндөрү кайрадан жанданат деп түшүндүрүштү.

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги

Статуя Каина в саду Тюильри, Париж - Sputnik Кыргызстан
Ызы-чуу менен ээрден шыпырылгандар. Ким кантип кызматтан алынды
Маданиятты тескеген министрликтин сайтына баш баксаңыз бир жыл артка кетесиз. Кабарлар өткөн жылдын 2-июнунан бери жаңылана элек. Жада калса эки ай мурда кызматтан кеткен Түгөлбай Казаковду сайттан министр катары көрүүгө болот. Маалыматтар кыргыз жана орус тилинде чыкчу экен. Анткен менен Facebook тармагындагы баракчасына жаңылыктар тынбай жүктөлүп турат.

Экономика министрлиги

Министрликтин сайтындагы маалыматтар орус тилинде гана жайгаштырылган. Кыргызча бөлүмү киргизилген эмес. Бул боюнча министрликтин маалымат кызматы учурда сайттын кыргызча бөлүмү жаңыланып жаткандыктан серверден алынган деп билдирди. Качан колдонууга берилери азырынча белгисиз. Сайтында Facebook жана "Одноклассники" баракчалары көрсөтүлгөнү менен ал жакка 2016-жылдан бери бир да маалымат жүктөлгөн эмес. Бирок Twitter баракчасы активдүү иштейт. Ал эми Youtube каналына акыркы видео үч ай мурун киргизилген.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги

Маалыматтар кыргыз жана орус тилинде чыгат. Бирок кыргыз тили бөлүмүнөн орус тилиндеги жаңылыктарды да кезиктирүүгө болот. Министр Нурбек Мурашевдин өмүр баяны да кыргыз тилине которулган эмес. Айыл чарбага байланыштуу мыйзамдар жана жасалган иш-аракеттер туурасында орусча гана окуй аласыз. Кыргыз тилиндеги документтерди бирин-серин көрүүгө болот. Соңку жаңылык 4-январда жүктөлгөн. Социалдык тармактагы баракчалары көрсөтүлгөн эмес.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги

Портфель - Sputnik Кыргызстан
"Көчмөн" аткаминерлер. Эзели ээрден түшпөгөн чиновниктердин тизмеси
Сайттан кыргыз тили бөлүмүн табуу мүмкүн эмес. Маалыматтар орус тилинде жайгаштырылган. Министрликтин маалымат кызматы кыргыз тили бөлүмү боюнча жаңы сайт жасалып жаткандыктан, азырынча орусча гана маалыматтар жүктөлүп жатканын айтышты. Акыркы маалымат сайтка 5-январда чыккан. Facebook тармагында расмий баракчасы бар. Ал жакка кабарлар соңку ирет 27-декабрда жүктөлгөн.

Транспорт жана жол министрлиги

Министрликтин сайтында кыргыз, орус жана англис тилдер бөлүмү болгону менен маалыматтардын дээрлик баары орус тилинде чыгарылат. Коомчулукка жарыяланган жаңылыктар да расмий тилде. Соңку жаңылык 4-январда чыккан. Социалдык тармактагы баракчалары көрсөтүлгөн эмес.

Билим берүү жана илим министрлиги

Бул сайттан да кыргыз жана орус тили бөлүмдөрүн көрүүгө болот. Бирок министриликке тиешелүү документтер, укуктар жана иш-аракеттердин баары расмий тилде жайгаштырылган. Коомго жарыяланчу жаңылыктар да орус тилинде. Соңку жаңылык өткөн жылдын 22-декабрында жүктөлгөн. Түзүлгөн кырдаал боюнча мекеменин маалымат кызматы түшүндүрмө берип, учурда сайт реконструкцияланып жаңы дизайны жасалып жатканын айтышты. Ал эми Facebook баракчасы активдүү иштейт. Youtube каналында акыркы видео эки жума мурун жүктөлгөн.

Саламаттыкты сактоо министрлиги

Митинг сторонников президента Киргизии Курманбека Бакиева - Sputnik Кыргызстан
Изделбей, Интерполдун тизмесинен өчкөн кыргызстандык экс-саясатчылар
Маалыматтар кыргыз жана орус тилинде жайгаштырылат. Орусча бөлүмүндө соңку жаңылыктар 29-декабрда киргизилсе, кыргызча бөлүмү 30-декабрдан бери эс алууда. Кыргыз тилинде жаңылыктар гана жайгаштырылган. Министрликке тиешелүү калган материалдар орус тилинде. Facebook баракчасына да жаңылыктар жайгаштырылып турат.

Юстиция министрлиги

Бул сайтка материалдар кыргыз, орус тилдеринде жайгаштырылган. Англис тилинде да айрым маалыматтар чыгып турат. Акыркы жолу сайтка 30-декабрда министр Уран Ахмедовдун жаңы жылдык куттуктоосу жарыяланган. Бирок министрдин кыргыз тилиндеги өмүр баянын табуу мүмкүн эмес. Facebook, Instagram тармагындагы расмий баракчалары активдүү иштейт. Ал эми Youtube каналына акыркы жолу үч ай мурун видео жүктөлгөн.

Финансы министрлиги

Вирус-вымогатель атаковал IT-системы компаний в разных странах - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт башчы шайлоодо чуу жараткан samara.kg сайты боюнча пикирин билдирди
Финансы министрлигинин сайтына жаңылыктар мамлекеттик жана расмий тилде жарыяланат. Жайгаштырылган маалыматтарды эки тилде тең ээн-эркин окуй аласыз. Соңку жаңылык 4-январда жайгаштырылган. Сайтында социалдык тармактагы баракчалары көрсөтүлгөн эмес.

Тышкы иштер министрлиги

Тышкы иштер министрлигинин сайтына маалыматтар кыргыз, орус жана англис тилдерине жайгаштырылат. Министирликке тиешелүү бардык маалыматтар менен үч тилде тең тааныша аласыз. Сайтка жаңылыктар акыркы жолу 5-январда чыккан. Facebook, Twitter, Youtube баракчалары активдүү иштейт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

Сайтка бардык материалдар кыргыз жана орус тилдеринде жайгаштырылат. Англис тилинде да учкай маалыматтар бар. Жаңылыктар акыркы жолу 5-январда жарыяланган. Facebook жана Youtube баракчалары активдүү иштейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0