БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Кыштын биринчи күнү айрым жерлерде жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Ага ылайык, жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Чүй өрөөнүндө 1…6, Таласта 0…5, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 2…7, Ысык-Көлдө 0…5 градус жылуу болсо, Нарында күн 3 градус сууктан 2 градуска чейин жылыйт.
Ош менен Бишкек шаарларында күн ачык болуп, 6…7 градус жылуу болот.