Кар аралаш жаан жаайт. Беш күнгө карата аба ырайы

© Фото / Азамат АйтбаевГорода Кыргызстана. Каракол
Города Кыргызстана. Каракол - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жума ичинде Бишкекте аба ырайы күндүзү беш грудуска чейин жылыса, аптанын аягында республика боюнча кар жаайт.

БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. КРдин Гидрометеорология агенттиги алдыдагы беш күнгө карата аба ырайы божомолун жарыялады.

Маалыматка караганда, аба ырайынын кескин сууктап кетиши күтүлбөйт. Анткен менен шамалдын ылдамдыгы секундасына 20 метрге чейин жетип, жолдор тайгак болот.

Жол белги. Архив - Sputnik Кыргызстан
ӨКМ: автожолдордо кар көчкү жүрүү кооптуулугу сакталууда
14-февраль түнү өлкө боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Ал эми шейшемби жана шаршемби күндөрү Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын аймактарында кар жаайт.

Шейшемби күнү кар айрым жерлерге түшсө, жума күнү республика боюнча өзгөчө күндүзү кар аралаш жаан жаайт.

Бул күндөрү борбор калаада абанын жылуулугу беш градуста кармалса, түнкүсүн үч градуска чейин суук болот. Ош шаарында деле ушундай көрүнүш, күндүзү беш градуска чейин жылуу болуп, түнкүсүн термометрдин көрсөткүчү минус 2-4кө чейин түшөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0