https://sputnik.kg/20261123/yeaeb-ekonomikasy-osuudo-1105066992.html
ЕАӨБ: Кыргызстандын экономикасы он айда 10,5%га өстү
ЕАӨБ: Кыргызстандын экономикасы он айда 10,5%га өстү
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн экономикасында өсүш байкалууда. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкынын... 23.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-23T15:52+0600
2026-11-23T15:52+0600
2026-11-23T15:52+0600
кыргызстан
еаэб
соода
экономика
еаөб
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/1d/1104578164_0:159:3078:1890_1920x0_80_0_0_155ac05921b67aab2fd47eedf7ab082a.jpg
БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн экономикасында өсүш байкалууда. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕАӨБ) макроэкономикалык баяндамасында айтылат. Алардын ичинен Кыргызстанда 2026-жылдын январь-октябрь айларында экономикалык өсүш 10,5 пайызды түздү. Банктын маалыматына караганда, Кыргызстанда экономикалык өсүшкө негизги салымды курулуш тармагы кошкон. Анын ИДПнын өсүшүнө кошкон салымы 4,4 пайызды түзөт. Ошондой эле январь-сентябрь айларында калктын реалдуу эмгек акысы 16,6 пайызга көбөйгөн. Армениянын экономикасы үстүбүздөгү жылдын алгачкы тогуз айында 5,9 пайызга өскөн. Буга кызмат көрсөтүү, курулуш жана тоо-кен тармактарынын өнүгүшү, ошондой эле керектөө чыгымдары менен инвестициялардын көбөйүшү өбөлгө түзгөн. Беларуста январь-октябрь айларында ИДП 2,1 пайызга өскөн. Өсүшкө негизинен ички суроо-талап, калктын кирешесинин жана чекене сооданын көбөйүшү таасир эткен. Казакстандын соода балансынын профицити быйыл тогуз айда 70 пайыздан ашык көбөйүп, 20,1 млрд долларга жеткен. Экспорт 18,1 пайызга, импорт 4 пайызга өскөн. Мында мунайдын дүйнөлүк баасынын жогору болушу негизги роль ойногон. ЕАӨБ жыл жыйынтыгында Казакстандын экономикасы 5 пайызга жакын өсөт деп болжолдоодо. Россияда ноябрь айында ишкердик активдүүлүк жогорулаган. Ишканалар өндүрүш жана суроо-талап боюнча күтүүлөрүн жакшырткан. Банктын божомолу боюнча, Россиянын экономикасы жылдын жыйынтыгында 0,7-1 пайызга өсөт.
https://sputnik.kg/20261106/1104744301.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/1d/1104578164_174:0:2905:2048_1920x0_80_0_0_6af37d0bb32d37814ba775f2cc581462.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, еаэб, соода, экономика, еаөб
кыргызстан, еаэб, соода, экономика, еаөб
БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн экономикасында өсүш байкалууда. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕАӨБ) макроэкономикалык баяндамасында айтылат.
Алардын ичинен Кыргызстанда 2026-жылдын январь-октябрь айларында экономикалык өсүш 10,5 пайызды түздү. Банктын маалыматына караганда, Кыргызстанда экономикалык өсүшкө негизги салымды курулуш тармагы кошкон. Анын ИДПнын өсүшүнө кошкон салымы 4,4 пайызды түзөт. Ошондой эле январь-сентябрь айларында калктын реалдуу эмгек акысы 16,6 пайызга көбөйгөн.
Армениянын экономикасы үстүбүздөгү жылдын алгачкы тогуз айында 5,9 пайызга өскөн. Буга кызмат көрсөтүү, курулуш жана тоо-кен тармактарынын өнүгүшү, ошондой эле керектөө чыгымдары менен инвестициялардын көбөйүшү өбөлгө түзгөн.
Беларуста январь-октябрь айларында ИДП 2,1 пайызга өскөн. Өсүшкө негизинен ички суроо-талап, калктын кирешесинин жана чекене сооданын көбөйүшү таасир эткен.
Казакстандын соода балансынын профицити быйыл тогуз айда 70 пайыздан ашык көбөйүп, 20,1 млрд долларга жеткен. Экспорт 18,1 пайызга, импорт 4 пайызга өскөн. Мында мунайдын дүйнөлүк баасынын жогору болушу негизги роль ойногон. ЕАӨБ жыл жыйынтыгында Казакстандын экономикасы 5 пайызга жакын өсөт деп болжолдоодо.
Россияда ноябрь айында ишкердик активдүүлүк жогорулаган. Ишканалар өндүрүш жана суроо-талап боюнча күтүүлөрүн жакшырткан. Банктын божомолу боюнча, Россиянын экономикасы жылдын жыйынтыгында 0,7-1 пайызга өсөт.