https://sputnik.kg/20261123/okm-ministrinin-orun-basary-dayyndaldy-1105062051.html
ӨКМ жетекчисинин жаңы орун басары дайындалды
ӨКМ жетекчисинин жаңы орун басары дайындалды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары болуп Замирбек Надырбеков дайындалды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. 23.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-23T10:52+0600
2026-11-23T10:52+0600
2026-11-23T10:52+0600
кыргызстан
өкм
замирбек надырбеков
амир кунакунов
дайындоо
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/17/1105061797_0:76:948:609_1920x0_80_0_0_3e57182205b3402a71d241a2f8575947.jpg
БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары болуп Замирбек Надырбеков дайындалды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Аталган кызматты ээлеген Алмазбек Асанов Ала-Арчада 15 жаштагы Амир Кунакуновдун каза болушуна байланыштуу жүргүзүлгөн текшерүүдөн кийин кызматтан алынган. 49 жаштагы Надырбеков 2023-жылдын августунан тарта Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгын жетектеп келген. Ага чейин Коопсуздук кеңешинин катчысынын биринчи орун басары болгон. Эске салсак, 7-ноябрда 15 жаштагы Амир Кунакунов Ала-Арча жаратылыш паркында дайынсыз жоголгон. Ал Адыгине капчыгайы тарапка жалгыз жөнөп кеткен. Саат 19:02де өспүрүм Өзгөчө кырдаалдар министрлигине чалып, адашып калганын билдирген. 9-ноябрда анын сөөгү Электро чокусунун аймагынан табылган. Бул окуядан кийин Аскер прокуратурасы "Шалаакылык" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. ӨКМ башчысы Канатбек Чыныбаевге катуу сөгүш берилип, орун басары Алмазбек Асанов жана министрликтин дагы эки кызматкери иштен алынган. Текшерүүнүн жыйынтыгында куткаруу иштерин уюштурууда, бөлүктөрдүн аракеттерин координациялоодо жана ведомстволук көзөмөлдө олуттуу кемчиликтер аныкталганы кабарланган.
https://sputnik.kg/20261121/amirdin-olumu-okm-kyzmatkeri-karmaldy-1105045133.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/17/1105061797_0:27:948:738_1920x0_80_0_0_fa6275269747f46567e34f41f30eb530.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, өкм, замирбек надырбеков, амир кунакунов, дайындоо
кыргызстан, өкм, замирбек надырбеков, амир кунакунов, дайындоо
ӨКМ жетекчисинин жаңы орун басары дайындалды
БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары болуп Замирбек Надырбеков дайындалды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Аталган кызматты ээлеген Алмазбек Асанов Ала-Арчада 15 жаштагы Амир Кунакуновдун каза болушуна байланыштуу жүргүзүлгөн текшерүүдөн кийин кызматтан алынган.
49 жаштагы Надырбеков 2023-жылдын августунан тарта Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгын жетектеп келген. Ага чейин Коопсуздук кеңешинин катчысынын биринчи орун басары болгон.
Эске салсак, 7-ноябрда 15 жаштагы Амир Кунакунов Ала-Арча жаратылыш паркында дайынсыз жоголгон. Ал Адыгине капчыгайы тарапка жалгыз жөнөп кеткен. Саат 19:02де өспүрүм Өзгөчө кырдаалдар министрлигине чалып, адашып калганын билдирген. 9-ноябрда анын сөөгү Электро чокусунун аймагынан табылган.
Бул окуядан кийин Аскер прокуратурасы "Шалаакылык" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. ӨКМ башчысы Канатбек Чыныбаевге катуу сөгүш берилип, орун басары Алмазбек Асанов жана министрликтин дагы эки кызматкери иштен алынган.
Текшерүүнүн жыйынтыгында куткаруу иштерин уюштурууда, бөлүктөрдүн аракеттерин координациялоодо жана ведомстволук көзөмөлдө олуттуу кемчиликтер аныкталганы кабарланган.