https://sputnik.kg/20261123/okm-bashchysy-amirdin-olumunun-aldyn-ala-sebebin-atady-1105071801.html
ӨКМ министри: Амирдин жардам сураган кайрылуусу диспетчерден ары кеткен эмес
ӨКМ министри: Амирдин жардам сураган кайрылуусу диспетчерден ары кеткен эмес
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Алдын ала маалыматтар боюнча, Ала-Арча жаратылыш паркында 15 жаштагы Амирдин каза болушуна адамдык фактор себеп болгон. Бул тууралуу... 23.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-23T16:12+0600
2026-11-23T16:12+0600
2026-11-23T16:35+0600
кыргызстан
"ала-арча" улуттук паркы
тоо
чоку
өлүм
амир кунакунов
өкм
канатбек чыныбаев
https://sputnik.kg/img/102352/51/1023525177_0:433:5069:3284_1920x0_80_0_0_7518d5d4a1d8be816fdaec2085034efd.jpg
БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Алдын ала маалыматтар боюнча, Ала-Арча жаратылыш паркында 15 жаштагы Амирдин каза болушуна адамдык фактор себеп болгон. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Жогорку Кеңештин убактылуу депутаттык комиссиясынын жыйынында билдирди.Анын айтымында, Амирдин жардам сурап кайрылуусу диспетчердик кызматтын деңгээлинде калып, андан ары тиешелүү чаралар көрүлгөн эмес.Чыныбаев болгон окуя үчүн толук жоопкерчиликти алууга даяр экенин айтты. Ошондой эле ал учурда Аскер прокуратурасы тергөө иштерин жүргүзүп жатканын, издөө-куткаруу иштерин уюштуруу жана өткөрүү алгоритмдери кайра каралып чыгарын кошумчалады.Депутат Гүлшаркан Култаева өзгөчө кырдаалдарда мекемелер аралык кызматташууну күчөтүүнү сунуштады. Анын пикиринде, эгер ӨКМ кызматкерлери башка куткаруу иштери менен алек болуп калса, кошумча кызматтарды тартуу жолдорун караштыруу зарыл. Ал ошондой эле тоо чокуларына чыгууга уруксат берүү маселесин да көтөрдү.Ал эми депутат Чолпон Эсенаманова тиешелүү мамлекеттик органдар иштеп чыккан сунуштамаларды ишке ашырууда мыйзамдык жактан колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.Депутат Табылды Муратбеков Ала-Арчадагы каргашалуу окуя ӨКМдин ишиндеги системалуу көйгөйлөрдү ачыкка чыгарганын белгиледи. Анын айтымында, айрыкча жаштар арасында тоо туризмине кызыгуу өсүп жаткандыктан, туристтик каттамдарда коопсуздук чараларын күчөтүү зарыл.Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов бийиктиги 7 миң метрден ашкан чокуларга чыгуу үчүн атайын уруксат алуу тартибин киргизүү каралып жатканын маалымдады. Мындан тышкары, эл көп барган каттамдарда коомдук куткаруу постторун ачып, алардын ишин күчөтүү жана жапырт жөө жүрүштөрдүн коопсуздугун камсыздоо чаралары иштелип чыгууда.Эске салсак, 7-ноябрда Ала-Арча жаратылыш паркында 15 жаштагы Амир Кунакунов дайынсыз жоголгон. Өспүрүм Адыгине капчыгайы тарапка жалгыз жөнөп кеткен. Саат 19:02де ал ӨКМге телефон чалып, адашып калганын билдирген. 9-ноябрда анын сөөгү Электро чокусунун аймагынан табылган. Болжолдуу маалыматка караганда, өспүрүм суукка тоңуп каза болгон. Аскер прокуратурасы "Шалаакылык" беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Канатбек Чыныбаевге катуу сөгүш жарыяланып, анын орун басары Алмазбек Асанов жана ӨКМдин дагы эки кызмат адамы иштен алынган. Текшерүүнүн жүрүшүндө ыкчам чара көрүүнү уюштурууда, куткаруу бөлүмдөрүнүн аракеттерин координациялоодо жана ведомстволук көзөмөлдө олуттуу кемчиликтер аныкталган.
https://sputnik.kg/20261121/amirdin-olumu-okm-kyzmatkeri-karmaldy-1105045133.html
"ала-арча" улуттук паркы
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/102352/51/1023525177_526:0:5031:3379_1920x0_80_0_0_2223d0b22ec24c623b8aba2b29be7e02.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, "ала-арча" улуттук паркы, тоо, чоку, өлүм, амир кунакунов, өкм, канатбек чыныбаев
кыргызстан, "ала-арча" улуттук паркы, тоо, чоку, өлүм, амир кунакунов, өкм, канатбек чыныбаев
БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Алдын ала маалыматтар боюнча, Ала-Арча жаратылыш паркында 15 жаштагы Амирдин каза болушуна адамдык фактор себеп болгон. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Жогорку Кеңештин убактылуу депутаттык комиссиясынын жыйынында билдирди.
Анын айтымында, Амирдин жардам сурап кайрылуусу диспетчердик кызматтын деңгээлинде калып, андан ары тиешелүү чаралар көрүлгөн эмес.
Чыныбаев болгон окуя үчүн толук жоопкерчиликти алууга даяр экенин айтты. Ошондой эле ал учурда Аскер прокуратурасы тергөө иштерин жүргүзүп жатканын, издөө-куткаруу иштерин уюштуруу жана өткөрүү алгоритмдери кайра каралып чыгарын кошумчалады.
Депутат Гүлшаркан Култаева өзгөчө кырдаалдарда мекемелер аралык кызматташууну күчөтүүнү сунуштады. Анын пикиринде, эгер ӨКМ кызматкерлери башка куткаруу иштери менен алек болуп калса, кошумча кызматтарды тартуу жолдорун караштыруу зарыл. Ал ошондой эле тоо чокуларына чыгууга уруксат берүү маселесин да көтөрдү.
Ал эми депутат Чолпон Эсенаманова тиешелүү мамлекеттик органдар иштеп чыккан сунуштамаларды ишке ашырууда мыйзамдык жактан колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.
Депутат Табылды Муратбеков Ала-Арчадагы каргашалуу окуя ӨКМдин ишиндеги системалуу көйгөйлөрдү ачыкка чыгарганын белгиледи. Анын айтымында, айрыкча жаштар арасында тоо туризмине кызыгуу өсүп жаткандыктан, туристтик каттамдарда коопсуздук чараларын күчөтүү зарыл.
Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов бийиктиги 7 миң метрден ашкан чокуларга чыгуу үчүн атайын уруксат алуу тартибин киргизүү каралып жатканын маалымдады. Мындан тышкары, эл көп барган каттамдарда коомдук куткаруу постторун ачып, алардын ишин күчөтүү жана жапырт жөө жүрүштөрдүн коопсуздугун камсыздоо чаралары иштелип чыгууда.
Эске салсак, 7-ноябрда Ала-Арча жаратылыш паркында 15 жаштагы Амир Кунакунов дайынсыз жоголгон. Өспүрүм Адыгине капчыгайы тарапка жалгыз жөнөп кеткен. Саат 19:02де ал ӨКМге телефон чалып, адашып калганын билдирген. 9-ноябрда анын сөөгү Электро чокусунун аймагынан табылган. Болжолдуу маалыматка караганда, өспүрүм суукка тоңуп каза болгон. Аскер прокуратурасы "Шалаакылык" беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Канатбек Чыныбаевге катуу сөгүш жарыяланып, анын орун басары Алмазбек Асанов жана ӨКМдин дагы эки кызмат адамы иштен алынган. Текшерүүнүн жүрүшүндө ыкчам чара көрүүнү уюштурууда, куткаруу бөлүмдөрүнүн аракеттерин координациялоодо жана ведомстволук көзөмөлдө олуттуу кемчиликтер аныкталган.