https://sputnik.kg/20261123/krde-aiyrym-akimder-menen-merlerdi-kyzmattan-aluu-sunushtaldy-1105075987.html
Текшерүүнүн жыйынтыгы: айрым акимдер менен мэрлерди иштен алуу сунушталды
Текшерүүнүн жыйынтыгы: айрым акимдер менен мэрлерди иштен алуу сунушталды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшү жана аймактардагы мамлекеттик башкаруунун... 23.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-23T19:28+0600
2026-11-23T19:28+0600
2026-11-23T19:28+0600
кыргызстан
президент
садыр жапаров
жолугушуу
мэр
аким
иштен алуу
https://sputnik.kg/img/07e7/0c/1f/1081676885_0:185:3214:1993_1920x0_80_0_0_db5bf5e7183e55096f7fa3618c61e215.jpg.webp
БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшү жана аймактардагы мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугу боюнча республикалык кеңешме өткөрдү. Жергиликтүү бийлик органдарынын ишине жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгында айрым акимдер менен мэрлерди кызматтан алуу сунушталды.Кеңешмеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, анын орун басарлары, министрликтердин, ведомстволордун, укук коргоо органдарынын жетекчилери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.Жыйында экономикалык көрсөткүчтөр, укук коргоо органдарынын жетекчилеринин эл менен жолугушууларынын жыйынтыгы, ошондой эле президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, райондук администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын 2026-жылдын тогуз айында аткарган иштерине жүргүзүлгөн мониторинг каралды.Президенттин маалымат кызматы тараткан кабарга караганда, Садыр Жапаровдун быйыл жаздан бери жети облустун тургундары менен болгон жолугушууларында жарандар 2 286 маселе көтөрүшкөн. Жалпы 1 672 адам катышкан.Кайрылуулардын басымдуу бөлүгү айыл чарба жана жол инфраструктурасына (913), ошондой эле турак жай, жер жана мүлк маселелерине (528) байланыштуу болгон. Мындан тышкары, 4 967 жазуу түрүндөгү кайрылуу түшкөн.Президент райондук жана облустук деңгээлде чечиле турган көптөгөн көйгөйлөр кароосуз калып жатканын белгиледи. Анын айтымында, жергиликтүү жетекчилер маселелерди чечүүнү создуктуруп, борбордук органдардын кийлигишүүсүн күтүп отурушат.Жүргүзүлгөн мониторинг бир катар жергиликтүү бийлик органдарынын ишинде кемчиликтер бар экенин аныктаган. Алар ишти уюштурууга, кызматтык милдеттерди аткарууга, кадр саясатына жана кабыл алынган чечимдердин натыйжалуулугуна тиешелүү.Мындан улам айрым жетекчилерге тартиптик чара көрүү, ал эми кээ бир акимдер менен мэрлерди ээлеген кызматынан бошотуу сунушталды.Жапаров ошондой эле пландаштырууга үстүртөн мамиле жасалганын, муниципалдык ишканаларга көзөмөлдүн жетишсиздигин жана өнүктүрүү фонддорунун каражаттары натыйжасыз пайдаланылып жатканын сынга алды.Мамлекет башчысы жер ресурстарын пайдалануу көйгөйлөрүнө өзүнчө токтолду. Ал айрым аймактарда трансформацияланган жер тилкелери өздөштүрүлбөй калып, күтүлгөн экономикалык же айыл чарбалык кайтарым бербей жатканын айтты.Садыр Жапаров ыйгарым укуктар кеңейтилип, эмгек акы жогорулатылгандан кийин мамлекеттик кызматкерлерден конкреттүү натыйжалар жана милдеттерин ак ниет аткаруу талап кылынарын баса белгиледи.Ал кайрылууларга куру жооп берүүнү, убадаларды үйүп, маселени чечүү мөөнөтүн создуктурууну толук кандуу иш катары кароого болбой турганын кошумчалады.Кеңешменин соңунда мамлекет башчысы жарандардын бардык кайрылууларын талдап чыгып, эң көп көтөрүлгөн көйгөйлөрдү аныктоону, алардын өз убагында чечилбей жатышынын себептерин тактоону жана башкаруунун ар бир деңгээлиндеги мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугуна баа берүүнү тапшырды. Талдоонун жыйынтыгы боюнча аныкталган кемчиликтерди жоюу үчүн конкреттүү чаралар көрүлүүгө тийиш.
https://sputnik.kg/20261123/sadyr-japarov-prezidenttik-shayloo-katyshuu-aylyk-pensiya-1105075690.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/0c/1f/1081676885_0:0:2732:2048_1920x0_80_0_0_78febd8449d61d8b0ee00fec51b651cc.jpg.webpSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, президент, садыр жапаров, жолугушуу, мэр, аким, иштен алуу
кыргызстан, президент, садыр жапаров, жолугушуу, мэр, аким, иштен алуу
БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшү жана аймактардагы мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугу боюнча республикалык кеңешме өткөрдү. Жергиликтүү бийлик органдарынын ишине жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгында айрым акимдер менен мэрлерди кызматтан алуу сунушталды.
Кеңешмеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, анын орун басарлары, министрликтердин, ведомстволордун, укук коргоо органдарынын жетекчилери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.
Жыйында экономикалык көрсөткүчтөр, укук коргоо органдарынын жетекчилеринин эл менен жолугушууларынын жыйынтыгы, ошондой эле президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, райондук администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын 2026-жылдын тогуз айында аткарган иштерине жүргүзүлгөн мониторинг каралды.
Президенттин маалымат кызматы тараткан кабарга караганда, Садыр Жапаровдун быйыл жаздан бери жети облустун тургундары менен болгон жолугушууларында жарандар 2 286 маселе көтөрүшкөн. Жалпы 1 672 адам катышкан.
Кайрылуулардын басымдуу бөлүгү айыл чарба жана жол инфраструктурасына (913), ошондой эле турак жай, жер жана мүлк маселелерине (528) байланыштуу болгон. Мындан тышкары, 4 967 жазуу түрүндөгү кайрылуу түшкөн.
Президент райондук жана облустук деңгээлде чечиле турган көптөгөн көйгөйлөр кароосуз калып жатканын белгиледи. Анын айтымында, жергиликтүү жетекчилер маселелерди чечүүнү создуктуруп, борбордук органдардын кийлигишүүсүн күтүп отурушат.
Жүргүзүлгөн мониторинг бир катар жергиликтүү бийлик органдарынын ишинде кемчиликтер бар экенин аныктаган. Алар ишти уюштурууга, кызматтык милдеттерди аткарууга, кадр саясатына жана кабыл алынган чечимдердин натыйжалуулугуна тиешелүү.
Мындан улам айрым жетекчилерге тартиптик чара көрүү, ал эми кээ бир акимдер менен мэрлерди ээлеген кызматынан бошотуу сунушталды.
Жапаров ошондой эле пландаштырууга үстүртөн мамиле жасалганын, муниципалдык ишканаларга көзөмөлдүн жетишсиздигин жана өнүктүрүү фонддорунун каражаттары натыйжасыз пайдаланылып жатканын сынга алды.
Мамлекет башчысы жер ресурстарын пайдалануу көйгөйлөрүнө өзүнчө токтолду. Ал айрым аймактарда трансформацияланган жер тилкелери өздөштүрүлбөй калып, күтүлгөн экономикалык же айыл чарбалык кайтарым бербей жатканын айтты.
Садыр Жапаров ыйгарым укуктар кеңейтилип, эмгек акы жогорулатылгандан кийин мамлекеттик кызматкерлерден конкреттүү натыйжалар жана милдеттерин ак ниет аткаруу талап кылынарын баса белгиледи.
“Мамлекеттик кызматкерлер жөн эле орун ээлеп, убакыт өткөрүп отурбашы керек. Алар элге кызмат кылууга милдеттүү. Тигил же бул жетекчинин ишмердигинин негизги жыйынтыгы жарандарыбыздын жашоо шартынын олуттуу жакшырышынан көрүнүшү зарыл”, — деди президент.
Ал кайрылууларга куру жооп берүүнү, убадаларды үйүп, маселени чечүү мөөнөтүн создуктурууну толук кандуу иш катары кароого болбой турганын кошумчалады.
Кеңешменин соңунда мамлекет башчысы жарандардын бардык кайрылууларын талдап чыгып, эң көп көтөрүлгөн көйгөйлөрдү аныктоону, алардын өз убагында чечилбей жатышынын себептерин тактоону жана башкаруунун ар бир деңгээлиндеги мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугуна баа берүүнү тапшырды. Талдоонун жыйынтыгы боюнча аныкталган кемчиликтерди жоюу үчүн конкреттүү чаралар көрүлүүгө тийиш.