https://sputnik.kg/20261122/okuuchular-moskvada-syjlanyshty-1105056213.html
Москвада орус тили боюнча эл аралык олимпиадада жеңген беш кыргызстандык сыйланды
Москвада орус тили боюнча эл аралык олимпиадада жеңген беш кыргызстандык сыйланды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Москва шаарында орус тили боюнча эл аралык олимпиаданын жеңүүчүлөрү болгон кыргызстандык беш окуучу сыйланды. Сынак Владимир Далдын... 22.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-22T18:13+0600
2026-11-22T18:13+0600
2026-11-22T18:13+0600
кыргызстан
москва
россия
олимпиада
орус тили
окуучу
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/16/1105054966_1:0:995:559_1920x0_80_0_0_f3f57fb536a6465d560ecf95f7a89652.jpg
БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Москва шаарында орус тили боюнча эл аралык олимпиаданын жеңүүчүлөрү болгон кыргызстандык беш окуучу сыйланды. Сынак Владимир Далдын туулган күнүнүн 225 жылдыгына арналган.Маалым болгондой, интеллектуалдык сынак 21-сентябрдан 23-октябрга чейин өтүп, ага КМШ өлкөлөрүнөн 7-9-класстардын үч миңден ашык окуучусу катышкан. Жыйынтыгында Кыргызстан, Беларусь, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандан 25 окуучу жеңүүчү деп табылган. Сыйлык тапшыруу аземинде окуучулар Кыргызстан тууралуу презентация жасап, мекени, Ысык-Көл жана белгилүү инсандар жөнүндө айтып беришти. Кыргызстандык жеңүүчүлөрдүн катарында Василина Доронкина, Асад Дусбутаев, Артур Касымов, Сауле Абдыкайыпова жана Дамиан Кылычев бар. Олимпиаданы Россиянын Агартуу министрлигине караштуу Эл аралык кызматташтык борбору уюштурган. Жеңүүчүлөрдүн Москвага сапары 21-ноябрдан 24-ноябрга чейин уланат. Анын алкагында сыйлоо аземинен тышкары маданий-агартуу иш-чаралары да өткөрүлүүдө.
https://sputnik.kg/20261104/putin-kyrgyzstandyk-zukhra-shidakovany-dostuk-ordeni-menen-syylady--1104723316.html
москва
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/16/1105054966_126:0:871:559_1920x0_80_0_0_e7574dd1eea52d263f7e9c78a51539d1.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, москва, россия, олимпиада, орус тили, окуучу
кыргызстан, москва, россия, олимпиада, орус тили, окуучу
БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Москва шаарында орус тили боюнча эл аралык олимпиаданын жеңүүчүлөрү болгон кыргызстандык беш окуучу сыйланды. Сынак Владимир Далдын туулган күнүнүн 225 жылдыгына арналган.
Маалым болгондой, интеллектуалдык сынак 21-сентябрдан 23-октябрга чейин өтүп, ага КМШ өлкөлөрүнөн 7-9-класстардын үч миңден ашык окуучусу катышкан. Жыйынтыгында Кыргызстан, Беларусь, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандан 25 окуучу жеңүүчү деп табылган.
Сыйлык тапшыруу аземинде окуучулар Кыргызстан тууралуу презентация жасап, мекени, Ысык-Көл жана белгилүү инсандар жөнүндө айтып беришти. Кыргызстандык жеңүүчүлөрдүн катарында Василина Доронкина, Асад Дусбутаев, Артур Касымов, Сауле Абдыкайыпова жана Дамиан Кылычев бар.
Олимпиаданы Россиянын Агартуу министрлигине караштуу Эл аралык кызматташтык борбору уюштурган. Жеңүүчүлөрдүн Москвага сапары 21-ноябрдан 24-ноябрга чейин уланат. Анын алкагында сыйлоо аземинен тышкары маданий-агартуу иш-чаралары да өткөрүлүүдө.