https://sputnik.kg/20261121/tramp-kiev-koopsuzduk-kepildigin-talkuulabajt-1105042263.html
Трамп жаңжал бүтмөйүнчө Киевдин коопсуздук кепилдигин талкуулабай турганын айтты
Трамп жаңжал бүтмөйүнчө Киевдин коопсуздук кепилдигин талкуулабай турганын айтты
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп согуш бүтмөйүнчө Киевге коопсуздук кепилдиктерин талкуулоону каалабай турганын айтты. Бул тууралуу РИА... 21.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-21T12:00+0600
2026-11-21T12:00+0600
2026-11-21T12:00+0600
дүйнөдө
дональд трамп
владимир путин
акш
украина
москва
https://sputnik.kg/img/07ea/07/0a/1102330904_0:160:3072:1888_1920x0_80_0_0_05f2bb42c91a607deb75ab89e09964cd.jpg
БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп согуш бүтмөйүнчө Киевге коопсуздук кепилдиктерин талкуулоону каалабай турганын айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.Анын айтымында, Вашингтон эки тарап менен тең ийгиликтүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткандыктан, макулдашууга жетүү мүмкүнчүлүгү жогорулап калды.Ага чейин Владимир Путин менен Дональд Трамп Шэньчжэнь шаарында өткөн АТЭС саммитинин алкагында жолугушкан. Кийинчерээк тарыхта биринчи жолу Россия, АКШ жана Кытай башчыларынын үч тараптуу жолугушуусу өтүп, анда лидерлер Украина маселесин да талкуулашкан.Андан соң, ЖМКлар жазгандай, Ак үйдүн башчысы Берлиндеги "каалоочулар коалициясынын" жыйынына телефон аркылуу кошулуп, Евробиримдик өлкөлөрүнүн жетекчилерин акчасын мындан ары Украинага эмес, өз өлкөлөрүнө жумшоого чакырган.Ал эми Путин маалымат жыйынында сүйлөп жатып, Россия дипломатиялык каналдар аркылуу европалыктарга Москвага келүүнү сунуштаганын билдирген.
https://sputnik.kg/20261120/tramp-evropa-rossiya-dostoshuuga-chakyrdy-1105017193.html
акш
украина
москва
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/07/0a/1102330904_171:0:2902:2048_1920x0_80_0_0_58e65e30bd9c1ce1e32b498b2c70beb2.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, дональд трамп, владимир путин, акш, украина, москва
дүйнөдө, дональд трамп, владимир путин, акш, украина, москва
БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп согуш бүтмөйүнчө Киевге коопсуздук кепилдиктерин талкуулоону каалабай турганын айтты. Бул тууралуу
РИА Новости жазды. "Мен коопсуздук кепилдиктери жөнүндө сүйлөшкүм келбейт, анткени биринчи кезекте макулдашууга жетишүү керек", — деди ал журналисттерге.
Анын айтымында, Вашингтон эки тарап менен тең ийгиликтүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткандыктан, макулдашууга жетүү мүмкүнчүлүгү жогорулап калды.
Ага чейин Владимир Путин менен Дональд Трамп Шэньчжэнь шаарында өткөн АТЭС саммитинин алкагында жолугушкан. Кийинчерээк тарыхта биринчи жолу Россия, АКШ жана Кытай башчыларынын үч тараптуу жолугушуусу өтүп, анда лидерлер Украина маселесин да талкуулашкан.
Андан соң, ЖМКлар жазгандай, Ак үйдүн башчысы Берлиндеги "каалоочулар коалициясынын" жыйынына телефон аркылуу кошулуп, Евробиримдик өлкөлөрүнүн жетекчилерин акчасын мындан ары
Украинага эмес, өз өлкөлөрүнө жумшоого чакырган.Ал эми Путин маалымат жыйынында сүйлөп жатып, Россия дипломатиялык каналдар аркылуу европалыктарга Москвага келүүнү сунуштаганын билдирген.