https://sputnik.kg/20261120/kyrgyzstanga-rossiyadan-azyk-tuluk-keldi--1105020855.html
Кыргызстанга Россиядан 796 тонна азык-түлүк жардамы жеткирилди
Кыргызстанга Россиядан 796 тонна азык-түлүк жардамы жеткирилди
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Кыргызстанга Россиянын колдоосу менен 796 тонна азык-түлүк жардамы жеткирилди. Бул тууралуу РФтин Кыргызстандагы элчилигинен... 20.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-20T11:07+0600
2026-11-20T11:07+0600
2026-11-20T11:07+0600
кыргызстан
россия
азык-түлүк
жардам
элчилик
буу
буунун бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы
https://sputnik.kg/img/07ea/08/07/1102867087_0:370:960:910_1920x0_80_0_0_3ea993eba7ac0fe8693f537743f67895.jpg
БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Кыргызстанга Россиянын колдоосу менен 796 тонна азык-түлүк жардамы жеткирилди. Бул тууралуу РФтин Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти. Маалымдалгандай, жүктүн курамында витаминдер жана минералдар менен байытылган 675 тонна буудай уну, ошондой эле 121 тонна өсүмдүк майы бар. Азык-түлүк Бишкек жана Ош шаарларына түшүрүлүп, өлкө боюнча муктаж үй-бүлөлөргө бөлүштүрүлөт. Гуманитардык жардам БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (ДАТП) менен кызматташуунун алкагында берилди. Биргелешкен долбоорлордун негизинде Кыргызстанда 11 250гө жакын жаран ун жана өсүмдүк майын алууда. Мындан тышкары, мектептерде ысык тамак уюштуруу программасы да колдоого алынууда. Быйыл аталган программанын жардамы менен дагы 35 мектепте жана 16 бала бакчада ысык тамак бериле баштаган. Учурда бул демилге өлкөдөгү миңден ашык мектепте окуган 500 миңден ашуун баланы камтыйт. Элчилик Россия БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргызстандагы эң ири донору экенин белгиледи. Акыркы 17 жылда тараптар өзгөчө кырдаалдарда жардам көрсөтүү, калыбына келтирүү жана социалдык колдоо багытында бир катар долбоорлорду ишке ашырган.
https://sputnik.kg/20260731/rossiya-kyrgyzstanga-2-tonnaga-chukul-azyk-tuluk-berdi-1102720595.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/08/07/1102867087_0:280:960:1000_1920x0_80_0_0_80336190c5352393662eb18f68e0950c.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, россия, азык-түлүк, жардам, элчилик, буу, буунун бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы
кыргызстан, россия, азык-түлүк, жардам, элчилик, буу, буунун бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы
БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Кыргызстанга Россиянын колдоосу менен 796 тонна азык-түлүк жардамы жеткирилди. Бул тууралуу РФтин Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.
Маалымдалгандай, жүктүн курамында витаминдер жана минералдар менен байытылган 675 тонна буудай уну, ошондой эле 121 тонна өсүмдүк майы бар. Азык-түлүк Бишкек жана Ош шаарларына түшүрүлүп, өлкө боюнча муктаж үй-бүлөлөргө бөлүштүрүлөт.
Гуманитардык жардам БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (ДАТП) менен кызматташуунун алкагында берилди.
Биргелешкен долбоорлордун негизинде Кыргызстанда 11 250гө жакын жаран ун жана өсүмдүк майын алууда. Мындан тышкары, мектептерде ысык тамак уюштуруу программасы да колдоого алынууда. Быйыл аталган программанын жардамы менен дагы 35 мектепте жана 16 бала бакчада ысык тамак бериле баштаган. Учурда бул демилге өлкөдөгү миңден ашык мектепте окуган 500 миңден ашуун баланы камтыйт.
Элчилик Россия БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргызстандагы эң ири донору экенин белгиледи. Акыркы 17 жылда тараптар өзгөчө кырдаалдарда жардам көрсөтүү, калыбына келтирүү жана социалдык колдоо багытында бир катар долбоорлорду ишке ашырган.