https://sputnik.kg/20261120/100-mln-somduk-kochottor-kuurap-kalgan--1105016674.html
Баткенде 100 млн. сомдук көчөттөр куурап калган. Прокуратура иш козгоду
Баткенде 100 млн. сомдук көчөттөр куурап калган. Прокуратура иш козгоду
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Баткен облусунун Лейлек районунда "Жашыл чек ара" долбоорунун алкагында отургузулган көчөттөрдүн 95 пайызга жакыны куурап калганы... 20.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-20T09:38+0600
2026-11-20T09:38+0600
2026-11-20T09:58+0600
кыргызстан
баткен
башкы прокуратура
кылмыш
көчөт
кызмат
пайдалануучу
https://sputnik.kg/img/07e6/04/0f/1063679351_0:370:780:809_1920x0_80_0_0_71e074fd4684dd7bcfd0ec3dd597d3e3.jpg
БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Баткен облусунун Лейлек районунда "Жашыл чек ара" долбоорунун алкагында отургузулган көчөттөрдүн 95 пайызга жакыны куурап калганы аныкталды. Бул тууралуу Ош экологиялык прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүнүн жыйынтыгында белгилүү болгон. Маалыматка ылайык, долбоорду ишке ашырууга 100 миллион 887 миң 900 сом бөлүнгөн. Бирок ага каралган иштер толук аткарылган эмес. Ошондой эле көчөттөрдүн өсүп, жакшы сугарылышы үчүн зарыл шарттар түзүлбөй калган. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен иш козголду. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
https://sputnik.kg/20260813/kyrgyzfarmaciya-ashyk-dary-1102962377.html
баткен
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/04/0f/1063679351_0:228:781:813_1920x0_80_0_0_b3a5e2540afd1cfcb477a3f4393473cc.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, баткен, башкы прокуратура, кылмыш, көчөт, кызмат, пайдалануучу
кыргызстан, баткен, башкы прокуратура, кылмыш, көчөт, кызмат, пайдалануучу
Баткенде 100 млн. сомдук көчөттөр куурап калган. Прокуратура иш козгоду
09:38 20.11.2026 (Жаңыртылды: 09:58 20.11.2026) БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Баткен облусунун Лейлек районунда "Жашыл чек ара" долбоорунун алкагында отургузулган көчөттөрдүн 95 пайызга жакыны куурап калганы аныкталды. Бул тууралуу Ош экологиялык прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүнүн жыйынтыгында белгилүү болгон.
Маалыматка ылайык, долбоорду ишке ашырууга 100 миллион 887 миң 900 сом бөлүнгөн. Бирок ага каралган иштер толук аткарылган эмес. Ошондой эле көчөттөрдүн өсүп, жакшы сугарылышы үчүн зарыл шарттар түзүлбөй калган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен иш козголду. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.