00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Эксперт: Кыргызстанда эмгек акыга болгон индексация 2008-жылдан бери болгон эмес
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
10 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
10 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Умрага уча албай Ташкентте калган зыяратчыларды өлкөгө кайтаруу маселеси каралды

© Фото / пресс-служба ДУМККыргызстандан Мединага барган зыяратчылар. Архив
Кыргызстандан Мединага барган зыяратчылар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.11.2026
Жазылуу
БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (КМДБ) Ташкент шаарындагы аэропортто умра сапарына уча албай калган кыргызстандык зыяратчыларды мекенине кайтаруу маселесин карады. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.
Маалыматка ылайык, маселе Ажылык жана умра сапарларына даярдык көрүү боюнча мекемелер аралык комиссиянын чукул жыйынында талкууланган. Ага Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү жана Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинин кызматкерлери да катышты.
"Жыйында "Нур Умра Трэвел" компаниясынын ишмердүүлүгү да каралып, жетекчиси Мирзат Кошоевадан түшүндүрмө алынды. Комиссия компанияга Ташкентте калган зыяратчылардын маселесин тез арада чечип, аларды Кыргызстанга кайтаруу боюнча талап койду. Ошондой эле муфтийдин орун басары Өзбекстандагы элчилик менен биргеликте Ташкентке барып, зыяратчылар менен жолугушат. Компаниянын өкүлдөрүнө да жерине барып, зыяратчыларга түшүндүрмө берүү жана көйгөйлөрүн чечүүгө катышуу тапшырылды", — деп айтылат билдирүүдө.
Мындан тышкары, КМДБ "Нур Умра Трэвел" компаниясынан сертификат алып, кичи ажылыкка барууну пландап жаткандарды кырдаал турукташканга чейин башка өлкөлөр аркылуу сапарга чыкпоого чакырды.
Муфтият зыяратчыларды Бишкек жана Ош шаарларынан Сауд Арабиясына түз аба каттамдары аркылуу учууга үндөп, учурда SalamAir, Air Arabia жана Flyadeal авиакомпанияларынын каттамдары жеткиликтүү экенин кошумчалады.
Белгилей кетсек, 12-ноябрдан бери умрага бара албай, Ташкенттин аэропортунда 104 кыргызстандык калып калганы буга чейин парламентте айтылган. Депутат Бурул Аманованын маалыматы боюнча, зыяратчылар сапардын акысын толук төлөп, кошумча 100 доллардан беришкенине карабастан, туристтик компания алардан дагы 400 доллар талап кылган. Арасында пенсионерлер жана ден соолугу начар адамдар да бар экени белгиленген.
Маскат шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.10.2026
Кыргызстандан Сауд Арабиясына Оман аркылуу жаңы каттамдар ачылды
Жаңылыктар түрмөгү
0