https://sputnik.kg/20261106/kiyevdi-sovettik-zhookerler-fashistterden-boshotkon-1104756933.html
Киевди советтик жоокерлер айыгышкан күрөш менен бошоткон. Видео
Киевди советтик жоокерлер айыгышкан күрөш менен бошоткон. Видео
Sputnik Кыргызстан
Калааны бошотуу 1943-жылы 1-ноябрда башталып, бир жумага созулган. Кармашта ар улуттун жоокерлери өмүрүн берген. 06.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-06T20:13+0600
2026-11-06T20:13+0600
2026-11-06T20:13+0600
улуу ата мекендик согуш
киев
фашисттер
баскынчы
бошотуу
советтик жоокерлер
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/06/1104756638_0:21:3569:2029_1920x0_80_0_0_c8150e553399d692442d73e2c82750c7.jpg
Улуу Ата Мекендик согуш учурунда, 1943-жылдын 6-ноябрында, советтик жоокерлер Киев шаарын фашисттик баскынчылардан бошоткон.Операция өтө кыска мөөнөттө иштелип чыккан. Согуштук жетекчилер Георгий Жуков менен Николай Ватунинге даярдык үчүн бир жума убакыт берилген. Шаар кандайча бошотулганын баяндап бермекчибиз. Калааны бошотуу 1943-жылы 1-ноябрда башталган. Негизги чабуул түндүктөгү Вышгород шаарынан жасалган. Окту аяшкан эмес. Фронттун бир чакырым аралыгында 300дөн ашуун курал жайгашкан. Курал-жарак мындай көп санда Берлин үчүн салгылашта колдонулган. Бул немецтердин коргонуусун тез арада бузуп өтүүгө мүмкүндүк берди. Киевдин борборуна биринчилерден болуп Киев районунун кулуну, гвардиянын старшинасы Никифор Шолуденконун бөлүгү кирет. Ал өз Мекени үчүн салгылашууда курман болот. Кийин СССРдин Баатыры наамы ыйгарылган. Оккупация оңой өткөн эмес. Согушка чейин Киевде бир миллиондой киши жашаса, бошотулган күнү болгону 183 миң шаарлык калган.
киев
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/06/1104756638_420:0:3151:2048_1920x0_80_0_0_be3f972f683763e8f48bdfffe0b46fe7.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
улуу ата мекендик согуш, киев, фашисттер, баскынчы, бошотуу, советтик жоокерлер, видео
улуу ата мекендик согуш, киев, фашисттер, баскынчы, бошотуу, советтик жоокерлер, видео
Киевди советтик жоокерлер айыгышкан күрөш менен бошоткон. Видео
Калааны бошотуу 1943-жылы 1-ноябрда башталып, бир жумага созулган. Кармашта ар улуттун жоокерлери өмүрүн берген.
Улуу Ата Мекендик согуш учурунда, 1943-жылдын 6-ноябрында, советтик жоокерлер Киев шаарын фашисттик баскынчылардан бошоткон.
Операция өтө кыска мөөнөттө иштелип чыккан. Согуштук жетекчилер Георгий Жуков менен Николай Ватунинге даярдык үчүн бир жума убакыт берилген.
Шаар кандайча бошотулганын баяндап бермекчибиз.
Калааны бошотуу 1943-жылы 1-ноябрда башталган. Негизги чабуул түндүктөгү Вышгород шаарынан жасалган. Окту аяшкан эмес. Фронттун бир чакырым аралыгында 300дөн ашуун курал жайгашкан. Курал-жарак мындай көп санда Берлин үчүн салгылашта колдонулган.
Бул немецтердин коргонуусун тез арада бузуп өтүүгө мүмкүндүк берди. Киевдин борборуна биринчилерден болуп Киев районунун кулуну, гвардиянын старшинасы Никифор Шолуденконун бөлүгү кирет. Ал өз Мекени үчүн салгылашууда курман болот. Кийин СССРдин Баатыры наамы ыйгарылган.
Оккупация оңой өткөн эмес. Согушка чейин Киевде бир миллиондой киши жашаса, бошотулган күнү болгону 183 миң шаарлык калган.